Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 140

- Эмне үчүн Атамбаевди сындап, азыркы бийликти колдоого алып калдыңыз?

- Чынында Алмаз Атамбаевдин зыянын эл көбүрөөк тартты. 7-апрель, июнь окуясында эл кырылды, өлкө кризиске кептелди. Кытай өңдүү өлкөлөр менен жеке өзүнө ылайык апкелген келишимге кол койду да, Кумтөрдүн 3 тонна алтынын уурдап кетти. Аны дагы Эрдоганга тарттырып ийди. “Жерүйдү” бекер берди. “Кыргызгазды” 1 долларга сатты. 1000 алтын кендин лицензиясын Зилалиев, Рыспай Кожобеков үчөө сатты. Айтып отурса түгөнбөйт. 2 милион эл жаштар бүлөөсүн көрбөй тентип туалет жууп, стройкада иштеп жүрөт. 7- апрелден кийин ата бейитти тегеренип ант берген, “жебейбиз, ичпейбиз”- деп. Бирок, сөздөрүнө турган жок. Салтты бузду, мыйзамды тебеледи. Буларды тилдемиш этип, Садыр Жапаровко “сен дагы этият бол,  моминтип элге зыян кылба”- дегеним. Элдин таламын талашып атам. Менин тилдеп атканымды бардыгы көрсүн, уксун, куну канча болоору башкаларына сабак болсун деп жатам.

Ошон үчүн азыркы бийликти атайы жогору койуп атам. Шыктантып, жакшы иштесин деп. Бирок, Садыр Жапаров дагы Алмаз Атамбаевди кантип тилдеп атканымды карап койсо жакшы болот.

- Анткениңиз менен “азыркы бийлик Бакиевди алып келүүгө аракет кылып жатат, элди тымызын ошого даярдап жатат”- деген маалыматтар тарай баштады го?

- Бакиевдин жагдайы боюнча ишти кайрадан карап чыгууну мезгил өзү элден, коомчулуктан талап кылып жатат. Ал мыйзамсыз соттолгон. Сот мыйзамсыз өткөн, адвокатты катышкан эмес. Эл аралык сот жана мыйзам ал соттун чечимин, өкүмүн тааныбайт... Коомчулук акыйкатка суусап жатат. Анткени, Бакиевди жамандап кубалашып, бийликти ээлеп алгандар өздөрү мародер кылмышкерлерден болуп чыга келди. Азыр тигине түрмөдө жатышат. Эл алданганын сезди. Баштарын мыкчып калды. Далайы Бакиевден кечирим сурап жатат. Анын ичинде мен дагы бармын, кечирим сурадым. Сөздүн кыскасы, Бакиевдин иши боюнча сот кайра каралышы керек. Бакиев дагы сотко онлайн аркылуу катышмай болду. Адвокаты да катышат.

- “Күзүндө бийлик алмаштырабыз”- деген топтордун максаты ишке ашабы? Бийликти алмаштырууга ким кызыкдар болуп жатат?

- Күзүндө бийликти алмаштырабыз дегендердин ою ишке ашпайт. Аларды шыкактагандар баягы желмогуздар. Негизи бийликти алмашалы дегендин артында убактылуу өкмөтчүлөр анан азыркы бийликтен устукан албай калгандар турат. Буларга шыкак берген азыркы сырткы жагдай. Батышчыл күчтөр Кыргызстанда, ал тургай Орто Азияда чаң тополоң болуп согуш жардыруулар болгонун каалап турат. Чатак динчилдер аркылуубу, Алмаз Атамбаев аркылуубу, айырмасы жок. Биз аларга жол бербешибиз керек. Ач болсок дагы, кедей болсок дагы тынчтык керек. Азыркы бийликке жардам берип демилгеп, кээде демитип талап кылып, өлкөнү чогуу-чаран көтөрүп кетсек болот.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити