Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 685

Равшан Жээнбеков соцтармактагы баракчасына "профессионалдуу оппозициялык саясатчылар" Таласка барып, эл менен жолугуп, элдин жылуу кабыл алуусунда болгонун жарыялады. 

Анын айтымында, бул "профессионалдардын" арасында Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Канат Исаев, Рыскелди Момбеков ж.б.лар бар. 

Жээнбеков өзү белгилегендей, жогоруда айтылгандардын "профессионал" экенинде шек жок. Канча жылдан бери баскан изинде чөп чыкпай, кайсы бийлик келбесин кызмат үчүн күрөшүп, кызмат тийбей калса, чаң-будуң салып, коомдун пикирин бийликке карата терс кылып өзгөртүү жагынан адис болуп бүтүштү. Бул аталгандар буга чейин эмне иш жасаганын, кандай кызматтарда турганын жана кандай мыйзамсыз аракеттерге барганын коомчулук жакшы билет. 

Аны биз дагы бир жолу белгилеп коелу, Исмаил Исаков 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Ош коогалыңынын чыгышына жол берген, кийин каргалашуу окуянын башкы күнөөкөрү болгон Кадыржан Батыровду өлкөдөн жылуу-жумшак узатып жиберген. Аны Кадыржан Батыров жакында берген маегинде тастыган. Күнөөсүз нечендеген адамдардын каны суудай агышына себепкер болгон өтө оор күнөөсүн жаап-жашыруу максатында Исаков азыр оппозиция турмак, шайтанга дагы кошулат. 

Кеңешбек Дүйшөбаевдин коррупциялык иштери эчактан ачык болгон. Ченебеген байлыгынын учугу мамлекеттин мүлкүнө барып такалат. Учурдагы бийлик коррупцияга аеосуз күрөш жарыялаганы, анан калса буга чейин "ичип-жегендерди" бирин калтырбай, мамлекеттен уурдап алганын мамлекетке кайтартып жатканы - мына, Дүйшөбаевдин оппозиция жакта болушунун сыры. 

Ал эми Канат Исаев кайсы жактан адашып кирип калганы белгисиз. Анын жубайы парламентте депутат болуп отурат. Учурда жашап жаткан жубайыбы же ажырашып кеткенби айырма жок - ортодо балдары болгондон кийин байланыш баары бир болот. Ошол эле убакта, Канат Исаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин спикери болууга алдын ала тийиштүү тараптар менен сүйлөшүп, бул орундан өзүн ишенимдүү көрүп калганы айтылат. Бирок ойлогон ойду октябрь окуясы жеңди. Спикерди колдон алдыргандан кийин парламентке да кайрадан шайлана албай, "жөн отургуча айранга нан туурап жеген жакшы" болуп оппозицияны эрмектеп жатат окшойт. 

Бектур Асанов Атамбаевдин убагында оор беренелердин бири - "бийликти күч менен басып алууга" айыпталып, абакта бир канча жыл отуруп чыкты. Октябрь окуясы орун алып, бийликке Садыр Жапаров келбегенде ушул азыр деле темир тор артында болмок. Садыр Жапаров өзү саясий куугунтуктун запкысын жон териси менен сезгендиктен, саясий мүнөздө абакта отургандарда эшик ачты. Ал жактан чыккандан кийин Бектур Асанов бир канча убакытка чейин учурдагы бийликке адилеттүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип жүрүп эле, эми минтип тетирилене баштады. Бул да болсо бийликтин кумары. 

Ырыскелди Момбеков тууралуу сөз кылуунун деле кереги жок. "Жээренче чечендигинен" башка сыйрып алаар эч нерсеси жок. Макалдаштырып сүйлөө менен мамлекеттик маселе чечилип кетсе кана. 

Мына ушул адамдар өздөрүн чыныгы оппозиционерлер деп жарыялап, бийликке сын айтып турууну чечишиптир. Жалаң "чөп чыкпастар" бириккенде  капсалаңдуу окуянын кабары билинчү эле. Өлкөнүн тынчтыгын жеке кызыкчылыгын садага чапчу топ бул ирет эмнени ойлонуштуруп жатышат?

Тынчтыкбек Бешкемпиров