Район башчылары калк менен иштешүүнү билишпейт жана өз милдеттерин аткара албай жатышат. Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жыйынтыгын берген жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.
"Биз акимдердин ыйгарым укуктарын көбөйтүп бердик, бирок жыйынтык болбой жатат. Алар ар бир жарандын көйгөйүн терең түшүнүп, сүңгүп кириши керек эле, бирок андай болбой, биз арбитр болуп калдык. Силердин ишиңерди биз аткарып жатабыз. Буга чейин айлык акы аз деп шылтоо кылчу элеңер, а азыр мыкты адистерди тарта албаганыңарды кандай түшүндүрөсүңөр. Августтан баштап айлык акы маселесин чечебиз.
Министрлер Кабинетине 6 миңге жакын көрсөтмө берилген, анын 5 пайызга жакыны аткарылбаган бойдон калды. Эң чоң көрсөткүч Чүй облусунда, бул аймакта башкаларга салыштырмалуу бардык зарыл шарттар бар", - деди мамлекет башчы.
Ошону менен катар мамлекет башчы иштебеген жана жыйынтык бербеген кадрлардан арылуу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, бүгүн жакшы иштебеген кадр эртең дагы ишинен жыйынтык бербейт.