— Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерине байланыштуу сот жараяндарына онлайн катышууга даяр экенин билдиргенден бери коомчулукта кызуу талкуулар башталды. Сурак жүрүшү керекпи?
— Кыргызстандын мурдагы Президенти Курманбек Салиевичке карата козголгон кылмыш иштер боюнча сотко катышам дегенин жалпыбыз кубатташыбыз керек, бул абдан туура чечим. Себеби, Убактылуу өкмөт Курманбек Салиевичтин өзүн жана бир туугандарын мыйзамсыз негизде сыртынан соттогон. Эл анда унчуккан эмес, азыр акыйкатка суусап, баары ачык өтүшүн каалап турат. Онлайн катышса болот, муну заманбап чечим деп билем. Анткени, дүйнө жүзүндө эки-үч жылдан бери онлайн жыйындар өтүп жатат. Алтургай Лондондо онлайн сот болуп, Курманбек Салиевич жеңиптир. Анан бизде эмнеге болбосун?
— Мурдагы президент Курманбек Бакиев: “Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин” деди, бул акыйкаттыкка жатабы?
— Соттук чечимдерди Курманбек Салиевич эле эмес, аны жалпы кыргыз журту да билбейт. Кандай күнөөсү үчүн соттогонун арабызда билген жан жок. Убактылуу өкмөт элди алаксытыш үчүн гана Бакиевдерди бокочо көрсөтүп, анын арты менен өлкөнү тоноп кетишти. Россиядан келген 300 миллион долларды 7-апрелден кийин уурдады, муну жакында Улуттук банктын төрагасы далилдеп берди. Мындан сырткары, банк ячейкаларындагы миллиарддаган долларлык алтын жана башка кымбат баалуу буюмдарды тоноп кетишти. Мародерлук кылгандарычы? Анан ушул кылмыштардан кутулуш үчүн Бакиевдерди соттойбуз деген шоу уюштуруп, соттун чечимин эч кимге көрсөтүшпөдү. Менимче, даай алышпады. Анткени, ортого башка өлкөнүн жетекчилери аралашкан болчу. Кандуу төңкөрүштүн эртеси Назарбаев, Путин, Лукашенко жалынып, “Урматтуу Курманбек Салиевич, союздук өлкөлөрдө тынчтык болсун, баарыбызды балээ баспасын, сизден көптөн-көп суранабыз, бул жакка келип туруңуз” деп жалдырап жатып чыгарып кетишкен. Аянттагы окуяда а кишинин кыпындай дагы күнөөсү жок. Акүйдү кайтарган кызматкерлер уставда жазылган милдетин гана аткарышкан. Анткени, Президентти атканда жана куралы жок ИИМдин эки курсанты, Такырбашев Эдил, Куш Никита жана улуттук гвардиянын Президенттик полкунун жоокери Шамырбаев Алтынбек каза болгондо, жооп иретинде ок чыгарышкан. Ал эми эл арасында өлгөндөр, арттан атылган октон каза болушкан. Ошону жаап-жашырыш үчүн Атамбаевдер эч кимди суракка чакырбастан, жабык түрдө соттун чечимин чыгартышкан. Мына ушундан улам соттук иштерге Бакиевдерди гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугун шек санатып жатат. Соттук чечимдер бүт жокко чыгып, кайра каралыш керек. Акыйкат ордуна келиш керек.
— Курманбек Бакиев: “Минск шаарында резиденцияда жашап жатам. “Курманбек Салиевич, сизге момундай иш боюнча күнөөлөрдү коюп жатабыз. Эмне дейсиз?” деген адам жок” деди. Акаевди актаган бийлик эки стандарттуу саясат кылбай, буга үн катышы керекпи?
— Ооба, ал кишинин дарегин баары билет, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чындык ачылып калышынан коркуп, сураганга кызыкдар болушкан эмес. Ал эми азыркы бийликке түшүнбөй жатабыз, эмдигичекти кабардар кылып койбогону көп нерсени шектентип жатат. Акаевге өзгөчө сый мамиле жасап, өзүнө чейин чалып, жылуу-жумшак тосуп алып, анан Курманбек Салиевичке бөлөк мамиле кылып жатканы бул таптакыр туура эмес. Ачыгын айтыш керек, С. Жапаров да, К. Ташиев да акыйкат кадамды шилтей албай, жалтактап жатышабы деп ойлойм. Коомчулук акыйкатка суусап турганын баамдабай, көрмөксөнгө салып жатат. Бул бери дегенде жигиттикке жатпайт. Нары айтканда, “кыргыз ынтымагын ширетебиз” деген сөздөрүнүн өтөөсүнөн чыгалбагандык. Акаевге абдан жакшы шарт түзүп берип, анан Бакиевге келгенде калыстыктан тайып, миллиондогон элибиздин бетине түкүргөндөй мамиле кылып жатышат. Ал кишиге деле Акаевдей чалып, ден-соолугун сурап, “Урматтуу Курманбек Салиевич, Убактылуу өкмөт момундай иштерди козгоп, жалган жалаа менен сизди баланча жылга, балдарыңыз менен инилериңизди түкүнчө жылга соттоп ийиптир. Акаевге түзгөн өзгөчө шартты калыстык кылып сизге да түзүп, мүмкүнчүлүк берелик. Онлайн болсо да катышып, акталып алыңыз. Акыйкатты ордуна койолук” деп С. Жапаров да, К. Ташиев да чалып, алдынан өтүп койсо болмок. Булар антпей керсейип, элдин назарын сындырып жатышат. Эл ичи азыр абдан бушайман болуп, жакында калыстыкты талап кылабыз деп жатат.
— УКМК жетекчиси К.Ташиев: “Бакиевди да, Атамбаевди да реабилитация кылууга эл гана укуктуу” деген эле. Эл эмне дейт?
— Бул жерде Атамбаевдин иши такыр башка. Ал Кокондук жетимдин кыргызга жасаган кыянатчылыгы абдан чоң. Анын кылмыштарынын чекеси эми сыйрылып жатат, өмүрү өткүчө түрмөдөн чыкпай тургандай иштери бар. Бул жерде Бакиев боюнча кеп кылсак болот. Акаевдин арты менен суутпай туруп Бакиевдин ишин башташ керек болчу. Андан бери канча убакыт өтүп кетти. Анан Акаевди бапестеп тосуп, Бакиевге келгенде “реабилитация кылууга эл гана укуктуу” деп, Атамбаевге чаптай койгону жарабайт. Бакиевдин артындагы калдайган калың журт үн катпаганынан пайдаланып, азыр булар Атамбаевге аттап өтө баштады, кылмыштарын бир чекесинен актап. Бул от менен ойноо деп билем. Андан көрө телефон чалып, “Курманбек Салиевич, сизди Атамбаев деген жетим соттоп ийиптир” деп айтпайбы. Бийликте калыстык болуш керек да ботом. Акаевди элге салбай эле өзүмбилемдик менен акташты эле го. Анан Бакиевге келгенде элге түртө салганы болбойт да кокуй.
— Сиз жакшы тааныган Мээрбек Мискенбаев атырылып чыгып: “Ошол кандуу окуяга байланыштуу каза тапкандардын саны 160тан ашты” дептир. Башында ар кайдан чогултуп келип 87 деген эле, эми 160ка чыгарыптыр, бул жагы кандай болуп калды?
— Мээсинде мандеми бар Мээрбек Мискенбаев аксымданбасын. Бакиев келбесин дегидей ал ким экен? Алардын антип сүйлөгөнгө акысы да жок. 7-апрелге Бакиевдин кыпындай дагы күнөөсү жок экенин кесе айталам, ага Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү. Мен аянтта эртеден тартып, түнкү саат 12ге чейин туу көтөрүп турдум. Ок тийсе мага тиймек. Акүй тараптан атса мени атмак. Анткени, көкүрөк тосуп турдум. Ооба, машина менен дарбазаны бузуп киргендердин бутуна атты, аны көрдүк. Мас болуп алып колун булаңдатып, “мобуну же” деп кыйкырып Акүйгө кирип баргандардын колуна атты. Ошонун баары биригип 15–16 болмок. Анан кайдагы 87 болуп кеткенине мен ушул күнгө чейин таңкалам. Кийин билинди, Токмокто “Гавайини” басып алабыз дегендерди, мародерлук кылган маалда арматура менен чапкандарды, дүкөнгө уурулукка кирген маалда чачманын огунан өлгөндөрдү кошуп 87 кылыптыр. Эми өлгөндүн саны “160ка жетти” дептир. Булар оозуна киргенди айтса эле туура боло береби? “Апрель баатыры” деген төш белгини митингге чыккандарга бербей, айылда жаткан туугандарына чейин таратышкан. Ошол айылда жаткан кемпир-чал өлсө деле кошулуп, ага Бакиев күнөөлүү боло береби кокуй? Апрель окуясы боюнча итпай-чотпайдын баары бирден уюм түзүп, алар акча талашып мушташып, далайынын жүрөгү ооруп өлдү. Эми ошолорду да кошо береби булар? Мен билем, бир канчасы жүрөк оорудан өлгөн. Мээрбек сен жаштайыңдан бузулдуң. Бирок, Атамбаевдин ашын ичпесең оңоло турган шансың бар. Атамбаевден алыстап, оозуңа түкүрсө алты жолу чайкап кой. Ал киши эмес, бузуку. Деги сенин мээң иштейби? Атамбаев таластыктарды “Абыке-Көбөш” деп келекелеп-шылдыңдап, анан Жерүйдү итбекерге сатканда сен кайда жаттың эле Мискенбаев? Ушул сөздү көзүңө айтайын дедим эле кысталак, колума кирбей койдуң. Жерүй үчүн таластыктар не күндү көрбөдү, ошондо эмнеге чыкпадың? Биздин эң ыйык мекенибизге шек келтирип, “Кой-Таш республикасын түзөм” дегенде Атамбаевдин жанында жүрдүң шыйпаңдап, кой дегенге жарабай. Ошол сөз үчүн эле Атамбаев экөөңдү 60 жылга камаса аздык кылат. Эй, Мискенбаев! Сен 7-апрелде жаракат алгандарды какшатып туруп, “Кыргыз көмүрдөн” алган 300 тонна көмүрдүн миллиондогон акчасын кымырып алгансың. “Айкөл Ала-Тоо” уюму кайрылып, кылмыш иши козголгон. Ал үчүн да жазаңды алышың керек.
— Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Исмаил Исаков: “2010-жылдын Июнь окуясын ушулар чыгарган… Элди аткан, бийликти жеке менчигине айландырган адамдарды актоого болбойт, алар мыйзам чегинде жазасын алышы керек, керек болсо келип түрмөгө отурушу керек” дептир. Муну кандай түшүнөбүз, жоопкерчиликтен качуунун амалыбы?
— Бул Исмаил Исаков Кудайды карасын да. Сүйлөрдө өзүн күзгүдөн карап албайбы. Бакиев Апрель окуясынан кийин эле туугандары менен Кыргызстандан чыгып кетишкен. “Июнь окуясын Бакиевдер тутанткан” деген булардын эски жомогу эми өтпөй калган, ага эл ишенбейт. Мен Исаковдун бетине айткам, азыр да кайталап койоюн, Июнь окуясы башталган түнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү миллиондогон бюджеттик каражатка титиреген дасторкон жайып, Исмаил Исаковдун туулган күнүн белгилешкен. Мен аны жакшы билем, анткени 7-апрелден кийин конфликтолог катары иштеп, Акүйдүн № 121 кабинетте 5–6 жыл отургам. Булардын ар бир кыймылын билгем. Элди тынчтандыруу үчүн чуркап жүргөнүбүздө Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү туулган күндү белгилеп жыргашкан. Ылжыган мас эле. Ошол акча эмдигиче ишбашкармалыкка төлөнө элек. Кагазы архивде турат. Окуя болорун билип туруп, алдын албай тойлошкон. Анан бетти сыйрып коюшуп, “Курманбек Бакиев күнөөлүү” дегенине таң калам. Элге принципиалдуу көрүнгүсү келген Исмаил Исаков ошол күнү туулган күнүн белгилебей Ошто болгондо, уруш чыкмак эмес. Өлкөнүн коопсуздугуна жоопкер болгон Атамбаев ошол туулган күндө ичкен бойдон соолукпай, бир жума ичти, элге көрүнө албай. Анан ошол өздөрү чалган ботконун баарына эле Бакиевди күнөөлөй берсе күлкүң да келет экен. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бакиев деген калканга жашынып алып 7 жыл элди тоношту, мамлекетти чоң карызга батырышты, эми ал сөз өтпөйт. Апрель жана Июнь окуясында шейит кеткендердин арбагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн баары бир жазалайт!
Булак: "Жаңы Ордо" гезити