- Балбак мырза, ЖКнын жаңы регламенти коомчулуктун көңүл борборуна алынууда. Мурда 30 жолу себепсиз ишке келбеген депутаттар мандатынан ажыраса, жаңы регламент боюнча депутаттар 10 күн иштен себепсиз калса, мандатынан ажырайт экен. Бул нерсе депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатабы?
- Албетте, жаңы регламент депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатат. Себепсиз иштен калууга жол бербейт. Депутаттарды жумушка келүүгө аргасыз кылат. Жумушка келгенден кийин иштейт. Маселе көтөрөт. Негизи депутат иштен себепсиз калбашы керек. Иштейм деп элдин ишенимин алгандан кийин иштеши керек.
- Баса, кандай мыйзам болбосун “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттары каршы чыга баштады. Ал партиянын мүчөлөрүн сындаган да депутаттар көбөйдү. Мындан аркы ишиңер кандай болот?
- Регламент кабыл алып, ошону менен эле иштейбиз. Ага чейин Конституциядагы мыйзамдарды көпчүлүк добуш менен кабыл алган беренеси менен иштей беребиз.
- Айтмакчы, мектеп директорлору боюнча айтканыңыз да эл арасында чоң талкуу жаратты. Эми алар “далилде”, - деп чыгышпайбы?
- Алар эмоцияга алдырып жатышат. Мени 67-берене, мыйзам коргойт. Депутат парламентте айткан сөзү үчүн жооп бербейт. Бул бир. Экинчиси, мен калп айткан жокмун да. Болгон чындыкты айттым. Анткени, мектеп директорлору кылы кыйшайбаган, кол тийгис “кастага” айланган. 30-40 жылдан бери иштегендер уялып деле кетип калышса болмок.
Булак: “Майдан. kg” гезити