Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 418

Ар бир революция карапайым ишкерлердин чөнтөгүнө зыян келтирет. Буга 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуялар мисал боло алат. Мындай пикирди экономисттер карманышууда. Ал эми экс-акыйкатчы Токон Мамытов да бул пикирлерге кошулат. 

"Ар кандай окуялар бизди оор жана катаал мезгилге, болбоду дегенде 10 жыл артка ыргытат. Биз анда калыптана элек мамлекетке кирип калабыз. Бул ар бирибиздин алдыбыздагы оор жоопкерчилик. Азыр эң башкысы улуттун биримдигин бекемдешибиз керек", - деди ал.

Айтымында, учурда мамлекет башчысы социалдык маселелерди чечүүгө болгон күч-аракетин жумшоодо, ошондуктан толкундоолорго эч кандай негиз жок. 

"Белгилей кетчү нерсе, учурдагы бийлик тартип орнотууга аракет кылып жатат. Бийлик элдин көйгөйүнө кирип, модернизациялоого умтулууда. Өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга аракет көрүлүп жатат. Бул - айлык акылардын, пенсия, пособиелердин көтөрүлүшү. Анын фонунда бийликти басып алууга же төңкөрүш жасоого чакырык жасоо- бул демек, элдин оюн өзгөртүү болуп саналат", - деди Токон Мамытов.