- Жамин агай, президент “Баш прокурор менен ИИМдин башчысы жер-жерлерди кыдырып, элдин маселесин чечкиле, кайда барбайлы сотторго, укук коргоо органдарына нааразы”,- деди. Мамлекет башчынын бул аракети бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жок кылууга багытталды десек болобу?
- Президенттин бул кадамы колдоого татыктуу. Биринчиден, элдин көйгөйүнүн бардыгын эле жалгыз мамлекет башчысы чечип коюуга мүмкүнчүлүгү жок. Экинчиден, ар бир мамлекеттик орган өзүнүн расмий милдетин өзү аткарып ал үчүн башы менен жооп бериши керек. Арыз-муңдардын көпчүлүгү укук коргоо мекемелеринин иштери менен түздөн-түз байланыштуу болгон соң, баш прокурор менен ИИМдин башчысынын облус, район жана ири шаарларга барышы абдан туура жана максатка ылайык. Мындай практикалык аракеттер бийлик менен элдин ортосундагы аралыкты толук азайтпаса да бир кыйла кыскартат.
- Күздө кырдаал кандай болот. Эл арасында «бийлик алмаштырууга шымалана киришкендер бар» деген ойлор айтылууда. Ишенсек болобу?
- Чындыгында эле мындай имиштер калк арасында бар. Менин оюмча, аларды атайын таратып жаткан саясий күчтөр болушу мүмкүн. Кыргыз "Сактыкка кордук жок" деп коет. Анын сыңарындай, айрым маселелерге арбын көңүл буруп койсок ашыктык кылбайт.
- Бийликтин аракети жакшы эле болуп жатабы же калпыстыкка жол берилип жатабы? Бийлик алмаштырсак эле жыргап кетебизби?
- Бийликтин аракети жок деп айта албайбыз, бирок ал жетиштүү болбой турат. Өзгөчө, Министрлер Кабинети ар кандай негизсиз жана түшүнүксүз сунуштар менен элдин башын айлантып жатат. Кабыргасынан коюлуп жаткан маселелер конкреттүү жана түшүнүктүү болушу зарыл. Эски бийликтин куру убадаларынан эл тажап бүткөн. Ушуну эстен чыгарбаш керек. Бийлик алмашса эле жыргап кетебиз деген ойдон мен алысмын. Бирок Президентибиз Өкмөттүн ишин кылдаттык менен карап, анын курамын бир силкип алса туура болот эле.
- Акылбек Жапаров эгер Кытайдын карызын төлөй албай калсак, анда Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөт деген ойду айтты. Эми абалдан чыгыш үчүн бир муштумдай биригишибиз керекпи?
- Акылбек Жапаров Кытайга болгон карыздар боюнча өткөндө өтө катуу сүйлөп элдин жүрөгүн алып койду. Антпеш керек. Президент Садыр Жапаров өзүнүн кийинки маегинде «Бул карыздарды өз мөөнөтүндө төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деп калкты үмүттөндүргөндүгү жакшы болду. Мындан ары карыздарды алсак дагы максаттуу жана абайлап алуу зарыл жана алардын пайдаланышын катуу көзөмөлгө алыш талапка ылайык.
- Кой Таштагы аскердин өлүмү эмнени каңкуулайт?
- Кой-Таштагы кайгылуу окуя - аскердик кызматтагы начар иштердин натыйжасы. Тилекке каршы, мындай өзүн өзү өлтүрүү адатка айланып баратат. Бул - коркунучтуу коңгуроо. Бийлик буга тезинен көңүл бурбаса келечегибиз кең болбойт.
Булак: “Майдан. kg” гезити