Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 409

Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетин жетектегенден баштап, салыктарды, бажы төлөмдөрүн толук өндүрүүгө негизги басым жасап, бул максатта соода түйүндөрүнө кассалык эсептөөчү аппараттарды  орнотууну талап кылганга өткөн. Мында мыйзамга каршы келгидей же сатуучунун ишкердик жана инсандык укугуна доо кетиргидей эч нерсе жок. Цивилдүү дүйнөнүн  баардык жерлеринде соода жүгүртүү эсептелип, андан  түшкөн кирешелердин тийиштүү бөлүгү казынага түшүрүлүп турат. Бизде супер маркеттерде эле  андай болбосо, башка чекене соодагерлер түгүл, “Дордой­лордо” дүңүнөн соода кылгандардан деле андайды көрө элекпиз.

Министрлер Кабинетинин андай мыйзамдуу талабын соодагерлер, базарлардын ээлери, Акылбек Жапаров айткандай, соодалык жана каржы­лык элитадагылар өздөрүнө түздөн-түз душмандык кылгандай кабылдашып, ызы-чууларды чыгарышты, маселен “Дордойдогулар” тополоң салганга да аракет кылышты. Кабинеттин төрагасы аларды “элита” деп өтө жумшак айт­ты, сыягы аларга андан бетер жаман көрүнбөйүн деди окшойт. Чынды­гында алар элита эмес, элита деген атка татыктуулар мыйзам менен гана жашап, иштешет, аларды “соода жана каржылык мафия” деген туура болот. Алар “мыйзамдын, мамлекеттин алдындагы жарандык милдеттин бизге тиешеси жок. Биз канча пайда таап, канчалык байысак да анын  канчасын мамлекетке төлөйбүз, аны менен мамлекеттин иши болбошу керек, аны өзүбүз гана билебиз” деген принципте жашап, иштегенге көнүп алышкан. Демократия, укуктук өлкө дегенди алар ошондой түшүнүшөт. Ага аларды мурдагы коррупцияланган башкаруулар өздөрүнүн үлүштөрүн алып, калгандарына көздөрүн кысып жүрүп, биротоло көндүрүп салышкан. Эгерде салыктар төлөнбөсө, бюджет кайдан түзүлөт, мамлекет өз функциясын кантип аткарат, булар жөнүндө ойлонушпайт, ойлонушса да мамлекет үчүн башкалар кам көрүшү керек дегенге көнүп алышкан. Ага аларды тымызындан жең ичинен сүйлөшүп, тиешелүүлөрүн  алып жүргөн салык кызматкерлери да көндүрүп коюшкан. Ал эми алык-салыктарга келгенде аристократтар, кара тамандар, биздикилер, тигилер деген түшүнүк болбошу керек. Баардык жарандар мыйзам чегиндеги салыктарын убагында төлөө­лөрү зарыл. Көз карандысыздыктан берки 31 жылдын ичинде мына ушул жөнөкөй эрежени, талапты нормага айландыра албагандын өзү мамлекеттин алсыздыгын гана айгинелейт.

Кыргызстанда алык-салыктар кирешенин 31 пайызынан ашпайт. Тажикстанда 60 пайыздан ашык, Казакстан менен Россияда да бизден жогору. Эмнегедир бизде буга чейинки бийликтегилерде канчалык салыктык жүк жеңил болсо, бизнестин өнүгүшүнө ошончолук жакшы болот деген маңыроо көз караш үстөмдүк кылып, мына ушул аз салыкты да азайтуу, айрым категориялардагы субьектилерден  алып салуу боюнча көп чечимдер чыгарылды. Салык азайтылып, аны жашыргандарга өтө эле либералдуу мамиле боло берсе,  андан качкандар ошончолук көбөйүп, акырында ага айрымдардын көңүл бургулары да келбей каларын ойлошподу. Маселен, азыр дыйкандардын, фермерлердин салыктары символикалуу түрдө эле, бирок көпчүлүгү аны да убагында төлөшпөйт. Салыктык негизги жүктү көтөргөндөр азыр бюджеттик кызматкерлер, анан ири тоо кен ишканалары эле. Басымдуу көпчүлүк чарбалык субьектилерден жарытылуу деле эч нерсе түшпөйт. Мындай абалды чындап оңдөюн деген эч ким болбоду, Акылбек Жапаров соодалык  жана каржылык элитадагылардан мыйзамдагы салыктарын өндүрүүгө аракет кылса, алар жаңжал чыгарып, саясый туруктуулукту бузганга аракеттенишүүдө. Бул да мамлекеттин алсыздыгы. Эгерде мындан ары Акылбек Жапаров бекем туруп,  баштаганын аягына чыгарууга аракет кылса, “элитадагылар” бандаларга айланышып, митингдерди, пикеттерди уюштурушуп, Кабинеттин отставкасын талап кылып, атүгүл мурдагы алар менен иш албагандай бийликти алып келүүгө умтулушарын бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

Бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, Камчыбек Ташиевден кийин эле Акылбек Жапаровдун потенциалдуу душмандары көбөйүүдө. Аларды Пре­зи­дент, коомчулук сактоого аракет кылмайынча алык-салык­тар­дагы, төлөмдөрдөгү жашыруулар,  коррупциялык көрүнүштөр азайбайт. Эгер­де мыйзамдык салыктар, төлөмдөр толук болбосо да 80-90 пайыз өндүрүлө баштаса, бюджеттин кирешеси кеминде дагы 25-30 пайызга автоматтык түрдө көбөйөрүн бөркүбүздөй көрсөк болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити