Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга кайрылып, аларды өлкөнүн өнүгүшүнө жардам берүүгө чакырды.
"Кыргызстан - демократиялык өлкө. Ар бир жаран өзүнүн оюн эркин айтууга укуктуу. Бирок айрым саясатчылар демократиянын принциптерине жамынып алышып, жүйөсүз сындарды айтып жатышат. Мисалы, өлкөнүн киреше булактары жөнүндө. Ушундай жол менен алар саясий упай топтоону каалашат. Демократиянын шартында албетте, кайчы пикирлер болушу керек. Эл өкүлдөрүнүн талаптары көчөдө эмес, парламенттин залында, адистердин катышуусунда айтылганы өлкө туура багытта баратканын билдирет. Келгиле, биз дүйнөлүк тенденциядан калбай, алдыга жылышыбыз керектигин унутпайлы", - деди Садыр Жапаров.