Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 184

- Парламенттеги оппозициянын өкмөттөгүлөргө өктөм сүйлөгөнү туура элеби?  

- Парламенттеги оппозиция  элдерге оппозиция экенибизди билдиребиз  деп телевидение тартып,   массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү турган жерде  ушунчалык кыйын сүйлөшүп, катуу айтып, өкмөттүн оозун жапканга аракет кылышат. Өздөрүн кыйын сезишет. Өкмөт жооп берип жатса, андан да өйдө сүйлөшөт. Азыркы өкмөт да, президент да мурунку өкмөттүн катачылыгына жооп бербейт. Ага карабай өйдө сынып сүйлөшөт.
 Чынында  тездик менен экономиканы саздан чыгаруу  оңой эмес. Анткени, азыр глобалдык чөйрө да тынч эмес. Согуш болуп, анын кесепети тийип жатат. Ошондой эле эгин талаалары азайды. Ар кандай фирмалар жабылып, акча жүгүрткөн да кыйынчылык жарата баштады. Бирок баарына акылы жетип турса да, оппозиция жаратмандык сунуштарды бере албай  катын айтыш менен убара болуп калды. Маданияттуулукту унутуп, парламент трибунасынан оозго алгыс сөздөрдү айта башташты. Парламенттин депутаттары жаңылып, жазып атып өздөрүнө да "задний проход" деп ат коюп алды. 

- Парламенттен тышкаркы оппозиция туура эле жолдо баратабы?

- Негизи оппозиция болгону жакшы. Бирок, маданияттуулук жетишпей жатат. Бектур Асанов көп сүйлөйт. Бирок, бир да сөзү ишке ашкан жок. Сөздөн ишке өтсө туура болмок. Атамбаев оппозиция мезгилинде демократия сөз эркиндиги, адам укугун коргоо деген сөздү оозунан түшүрчү  эмес. Президент болгондо баары теңирден тескери болду. Азыр анын  сөзүн азыркы оппозиция кайталап жатат. Мурун адамдарды эки жүздүү дечүбүз. Азыркылардан эки жүздөн да көп жүзү бар болуп калды.