Парламентте депутат Исхак Масалиев казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзамды четке кагуу жөнүндө өтүнүчүн Президентке жеткирүү тууралуу мамлекет башчысынын Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылды. Албетте, эл өкүлү өз позициясын билдирүүгө укуктуу, бирок, бирок... эл арасында Исхак мырзанын казинодон чыкпаган кумарпоз экени жөнүндө уу-дуу сөздөр эбактан бери айтылып келатканы да чындык. Анын ал жакка киргенин, чыкканын көргөн эмеспиз, канча ирет утуп, канча жолу уттурганын да билбейбиз, андай шыбыр-күбүрлөрдү чын же жалган деп да айта албайбыз, бирок борбор калаада гана эмес, жер-жерлерде да андай сөздөр айтылып келатканын танууга болбойт. Айрымдар Исхак мырза атасынан калгандардын да эбак түбүнө жеткен, биринчи аялы менен да ошон үчүн ажырашкан деп да калышат.
“Кыргызда этеги жаман жеринен жыртылган” деген ылакап бар. Ал жаман нерсеге аралашкан, ошондуктан андай нерсе жөнүндө эл сүйлөсө да ал “кекилик өз атын өзү чакырат” болбой, тийиштүү жерин бекемирээк кысып шүк жүргөнү оң дегенди билдирет. “Эл айтса, калп айтпайт” деген аныктама да бар. Андай пикирди Исхак мырза да эң сонун билет. Өзү жөнүндө эл эмне деп жатканын билбеген да адам болчу беле. Ал эми саясатчылар жер тыңшаар Мамыттай шыбыр-күбүрлөрдү тыңшашат, антпесе чындап саясатчы боло алышпайт. Демек, өзү тууралуу коомчулукта андай пикир көптөн бери жашап келатканын билген соң, Исхак мырза башка мыйзам долбоорлору жөнүндө кандай пикирлерди айтса да казинолорго келгенде сагызгандай сактанып шүк отурса жакшы болмок. Мүмкүн, ал “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген принципте өзүн коомдук пикирде реабилитациялоо үчүн ошенткендир, же фракциясынын лидери ошондой тапшырма бергендир, ал жөнүндө билбейбиз, бирок анын Президенттин парламенттеги өкүлүнө айтканы, улуу акын Шайлообек жазгандай; “карма ууруну, карма деп ууру жүрөттүн” так өзү гана эмес, көзү да болуп калды окшойт.
Тынчтыкбек Бешкемпиров
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!