Эл аралык республикалык институттун (IRI) Кыргызстандагы Аналитикалык изилдөө борбору (CISR) кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо өткөргөн.

Сурамжылоодо кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн өнүгүү багыты боюнча өсүп жатканын көрсөтүп, экономиканын төмөндөшүнө жана өлкөдөгү коррупциянын өсүшүнө тынчсызданып жатканын билдиришкен.

Аталган анатикалык изилдөө борбору Кыргызстандыктардын 34 пайызы өлкө башчысы Садыр Жапаровго ишенерин билдиргенин белгилеген. Андан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге 18 пайызы, “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековго 8 пайызы ишенет. Саясатчылардын катарында ошондой эле Эрулан Кокулов, Жанар Акаев, Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев бар.

Ал эми “Өлкө туура нукта өнүгүп жатабы?” деген суроо берилгенде, жарандардын 85 пайызы туура нукта экендигин билдирген.

Сурамжылоого 18 жаштан жогору 1 миң 500 кыргызстандык катышкан.