Россия-Украина маселесинен улам АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Россияга каршы бир катар санкцияларды киргизгендиги белгилүү. Анын натыйжасында көптөгөн компаниялар Россиядагы ишмердиктерин токтотушуп, орус рыногунан чыгып кетишкен.
Санкцияларга ылайык, Россия сырттагы банктык эсептерге да эч кандай акча которууларды жүргүзө албай калган эле. Мындай абал Россия өкмөтүн дефолтко алып келди. Тагыраагы, 100 млн. доллардын жеңилдетилген мөөнөттөгү төлөмдөрүн жаба албай калды. Бул Россиянын тарыхындагы 1918-жылдан берки алгачкы чет өлкөлүк дефолт экенин экономисттер жазышууда. Анда большевиктер падышалык эпоханын карыздарынан баш тарткан учурда дефолт болгон.
Эми бул жагдайдын мындан аркы өнүгүүсү кандай болору белгисиз бойдон калууда. Анткени, рыноктор карыз алуучунун дефолту түзүлгөн уникалдуу сценарийге туш болушту. Россиянын төлөө мүмкүнчүлүгү болуп турса да, бирок төлөй албаган абал жаралды. Бүгүнкү күндө Россия сырттан карызга акча ала албайт. Буга чейин батыштагы инвесторлор рубль менен төлөмдөрдү кабыл ала албастыгын, андай учурда дефолт деп кабыл алышарын Россиянын өкмөтүнө эскертишкен.