Кыргызстанда өздөрүн оппозиция атаган топ пайда болду. Аларды баштагандар - Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Сеид Атамбаев жана Исмаил Исаковдор. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков популисттик кыйкырык менен упай топтоого аракеттенгендерди оппозиция деп атоо мүмкүн эмес деп эсептейт.
"Оппозиция, тагыраагы конструктивдүү оппозиция болушу шарт. Уурулук, коррупция, туура эмес саясат жүрүп жатса оппозиция өз милдетин аткарып, айтып, сындап, оңдоп турушу керек. Бирок кандай кана демилге болбосун каршы чыгып, элди бөлүп - жарып, куру популисттик кыйкырык менен саясий упай топтоо аракетин көргөндөр да бар", - деди ал.
Ал эми жогоруда аталган оппозиционерлерге мындайча мүнөздөмө берди:
"Исаков оппозиция эмес, кечээги кылган кылмыш иштери боюнча жооптон качып жүргөн адам. Атамбаевдин баласы саясатка жаңы аралашып жатат. Ал эми башкаларын элибиз 30 жылдан бери билишет. Бир эле мисал, Жогорку Кеңештин улук залында буга чейин казино мыйзамдарын 3 ирет колдоп жүргөн Мадумаров мырза, бул ирет тескери позицияда боло калды. Элди алдоодон, популизм, коньюктурага ылайыкташкандардан абайлашыбыз керек".