Жогорку Кеңештин депутаты ("Ишеним" фракциясы) казинону мыйзамдаштырууга арналган мыйзам долбоорун эмне  үчүн колдогонун түшүндүрдү. Айтымында, Кыргызстандын экономикалык оор абалы аны ушундай чечим кабыл алууга түрткөн. 

"Ар бир саясатчы, өзгөчө жигиттик сапаты бар мырза ар бир кылган ишине жоопкерчиликти алганды билиши керек. Кылган ишинен, чечиминен качпашы керек.

Казиного уруксат берүүнү  колдогондугумдун себеби, азыркы Кыргызстаныбыздын оор экономикалык акыбалы. Пенсия, айлык акылар көтөрүлдү... а бирок аларды дагы көтөрүш керек, элдин камын ойлош керек. Бизде же газ, же нефть болбосо...

Эң алгачкы талабым - кыргызстандыктар кирбесин дегеним болду. Ошол мыйзамда бекитилген - кыргыз жарандары кирбейт.

Бул көрүнүштү кыргызда "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" деп коет. Ал күнү мен болбодум, жакын адамым ооруп чет жерде болчумун, бирок жоопкерчиликти алып, партиялашыма макулдугумду берип, "мен үчүн добуш берип кой", - дедим.

Саясатчынын жолу оор, татаал. Бирок кылган ишине жоопкерчиликти алуу керек.

Мен Кыргызстандын элинин, экономикасынын жакшылыгын ойлодум. Элдин жүгүн көтөрүш оңой эмес, оюнчук эмес. Саясатчынын турмушунда кээде популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бул дүйнөлүк практика. Бирок ошол чечимди татыктуу таанып, жоопкерчиликти да алыш керек", - деп жазды депутат.