Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги жолу маек берди. Журналисттин казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча суроосуна жооп берип жатып, бул боюнча мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттарга ыраазычылыгын билдирди. 

Президент белгилегендей, казинолорду мыйзамдаштыруу өлкөнүн бюджетине ири каражат алып келет. 

Биринчиден, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин көмүскө казинолор иштеп келе жатканы баарыбызга маалым. Ошол эле убакта укук коргоо органдарынын чара көргөндүгүнө карабастан, мүлктөрүн конфискациялап, өздөрүн мыйзам чегинде камап жаткандыгына карабастан, дагы деле көмүскө казинолор иштеп жатат. Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз. Биздин бир дагы жаран казиного кире албайт, чет өлкөлүктөр гана киришет. Бул боюнча көзөмөл кылуунун механизмдери толук иштелип чыкты.

Андан сырткары, казино ээси лицензияны мамлекеттен ири суммадагы акчага сатып алат. Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Акчасы бар, акчасы асмандан түшкөндөр кирет. Ошого карабастан укук коргоо органдары казиного кирген биздин жарандарыбыз болсо, мейли ким болбосун, мыйзам бузганы үчүн камап коюшат. Айрым каршы чыккандар “биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат” деп, элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Көзөмөл катуу болот. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Ага толук күчүбүз жетет.

Экинчиден, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. "Байдыкын байкуш аяйт" болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Мына, мисалы, мурдагыдай салык менен бажыдан түшкөн каражаттын эле көзүн карап олтурбастан, “Кумтөрдү” алып, кошумча киреше булагыбыз пайда болуп, социалдык тармактагы кызматкерлерибиздин айлык акыларын үч эсеге чейин көтөрүп бердик. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт. Ошондо гана мамлекеттик кызматтарга жогорку деңгээлдеги адистер келет, ошондо гана элибизди бийик деңгээлде тейлей башташат, сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Дасыккан адистер бүгүнкү 5-10 миң сомдук айлыкка келбей жатышат.

Үчүнчүдөн, мен көп жагынан таланып-тонолгон, сазга баткан Кыргызстанды колго алдым. Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Тилекке каршы, карыздарды жабуу менин маңдайыма туш келиптир. Ушул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикабызга колдонбостон, жарымы уурдалып кеткен. Анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору.

2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жолдорду жасаганды, ири долбоорлорду ишке ашырганды бул жакка коелу, “сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабызбы эми?” деп сарсанаа болуп олтурбадык беле. Тез эле унутуп калдыңарбы?

Алакан жайып коркуп олтурбастан, бир нече ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин кура баштадык. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кудай буюрса, эмдиги жылы баштайбыз. Мунун баары өзүнөн-өзү ишке ашпайт, көп каражатты талап кылат. Бирок бул ири долбоорлор бүтүп кетсе, “Кумтөр” менен казино сыяктуу эле мамлекетибиздин ири киреше булактары болот. Мында айылдардын жыртык жолдоруна чейин оңдоп, айлыктарды, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтүп, энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, кубаттуу экономиканы түптөп, армиябызды күчтөндүрүү милдети менин мойнумда турат. Мени беш жылга шайлап, өзүңөрдүн жана мамлекеттин тагдырын ишенип бердиңерби? Эми ошол ишенимиңерди актаганга мага мүмкүнчүлүк бергиле да. Казино менин жеке кызыкчылыгым эмес, бүткүл мамлекеттин кызыкчылыгы. Каршы чыккандардын арасында кээ бирөөлөрдүн жеке акчалай кызыкчылыктары бар. Кээ бирөөлөрү динге таянып каршы чыгышууда. Мен аларды туура түшүнөм. Бирок мамлекет динден тышкары. Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла. Каршы чыккандар менин ордумда болуп, мамлекеттин бүгүнкү экономикалык акыбалын ичинен көрүп турган болсо, эч качан каршы чыгышмак эмес. Тескерисинче, колдоп турушмак. Бүгүн дүйнөдө кайсы гана мамлекет болбосун, арам менен адалды ылгабайт. Эртең менин ордума президент болуп молдо келип калса дагы, элин багышты, мамлекетин кризистен чыгарып, жаштардын жаркын келечегин куруп кетишти ойлонот. Бүгүн бир нече мусулман мамлекеттеринде дагы казинолор иштеп жатат. Ортобузда экономика үчүн күрөш жүрүп жатат. Бул күрөштө каршы чыккандын ордуна ар бир кыргызстандык бийликке жардам бериши керек. Арканды алыс таштап, ар бир маселеде терең ой жүгүртө билиш керек.

2012-жылы мен “Кумтөрдү” алып, мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштетели” деп чыкканымда, мени эл душманы кылышкан. Мына он жылдан кийин алкыш айтып олтурасыңар. Казинодон түшкөн киреше дагы көп күттүрбөйт. Бир-эки жылдан кийин ыракмат айтасыңар. Чыдап тургула. Ар бир ишке өзүнүн баасын берчү убакыт келет. Биздин саясатты колдогондор дагы ар кимди ээрчип, жөн эле дүрбөлөңгө түшө бербегиле.

Ушул мыйзам долбоорунан саясий упай топтоп, жарандарыбыздын диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөргө кайрылат элем, силерге саясий упай маанилүү болсо, мага азыр элдин бакубат турмушу маанилүү. Силерге саясий рейтинг зарыл болсо, мага кубаттуу экономика зарыл. Жогорку Кеңеш ишке кирген жети айда эл турмушун оңдой турган бир да мыйзам же сунуш айтпай, саясий шоу менен гана алек болгон айрым популист депутаттарды элибиз өзү талдап, өз баасын берет. Ага убакыт келет.

Биздин ар бир аракетибиз – эл турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү.

Мыйзамды колдоп берген, мамлекеттин кызыкчылыгын саясий популизмден жогору койгон эл өкүлдөрүнө дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Мен "суф" деп эле экономиканы көтөрүп койчу сыйкырчы эмесмин. Экономиканы көтөрүүгө тиешелүү ар кандай мыйзамдарды колдоп берип тургула. Элдин жашоосун тездик менен оңдоп алалы. Анча-мынча популисттерди ээрчип кетпегиле.

Кедей жашаган элдерибизди кедейликтен чыгарып алалы. Чет өлкөгө тентип кеткен кыздар-балдарыбызды бир аз да болсо кайтарып алалы. Жогорку эмгек акы менен 15 миңден ашык жумушчу орундары пайда болот", - деди президент.