"Атанын баркы менен кыз өтөт, сооданын наркы менен бөз өтөт" дегендей, эгер эле баарыбыз сүйүп - урматтаган, тазалыктын символу болгон Апсамат Масалиев болбогондо, ушул өзүн өтө эле "важный" сезип жүргөн Исхак Масалиев деле көптүн бири болуп кой кайтарып же трактор айдап, эч иш таппай калса биздей болуп темселеп сыртта жүрмөк. "Эмгек мигранты" деген статуска ээ болуп.

Эми карабайсыңбы, өзүн өлкө үчүн, кыргыз эли үчүн түлкү тиштеп берген адамдай сезип: "Ташиев кызматтан кетиш керек", -  деп чоң сүйлөп жатканын.

Жолдош Масалиев! Ташиев кызматтан эмне үчүн кетиши керек?

Сенин тажиктерге жер саткан кожоюнуңду капа кылып койгону үчүнбү?

"Ташиев парламентте хулигандык кылды", - деп, келтек жеп, энесине арызданып ыйлаган баладай болуп, алып баруучуга арманыңды айтып жатасың.

Ошол эле маалда: "Эдил Байсалов бизди гестапого теңеп, өзүнүн көчө денгээлин билдирди", - дейсиң.

Эдил Байсалов сени гестапого теңеп өз деңгээлин көрсөткөн болсо, сен УКМКнын аттуу-баштуу эл сыйлаган азамат уулун хулиганга теңеп, өзүңдү Байсаловдон да төмөнгө түшүрүп алдың да. Ушунуңду сездиңби?

"Сынчынын сыңар өтүгү майрык", сенин деле акыркы убактарда Байсаловдон айырмаң калган жок.

Ташиев сага окшогон "кетем катын" эмес. Эл ага чоң ишенич артып, Ташиевден көп иштерди күтүп жатат.

А сен, алтынчы чакырылышта депутаттык мөөнөтүңдү аягына чыгарбай "кетем катын" болуп качкансың.

Эмне үчүн качканыңдын себебин бизди билбейт дейсиңби? Айтып берейинби?

"Чимкириктердин" мөөнөтү созулуп алтынчы жылга кеткенде, алардан тажаган эл ар тараптама "чимкириктерди" сындап, жаман көрүп, а түгүл каргап да жатышты.

Сен, пысмыйып жүрүп, "как будто" өзүңдү чимкириктерден өзгөчө адам кылып көрсөтүмүш болуп: "Мына, мен мөөнөтүмдөн мурда чыгып кеттим", - деп жакшы боло калгансың. Ошол эле убакта, кийинки шайлоого карата өзүңдү пиар кылган аракетиң эле.

Шайлоо алдынан эч бир партия кошпой, жеке барсаң жарым жолдо каларыңды сезип, акыркы барар жериң, көрөр күнүң, сүйөнөр тооң, таянар бутаң ушул элдин жек көрүндүсүндө аябай калган жер сатар Мадумаров болду.

Мадумаровго аттуу-баштуу саясатчылар кошулушуп, бирок киргенинен чыкканы тез болуп, акырында Мадумаровдун күнү Орозайым, Бектур Асанов, Эмил Бекиевдерге калган оор учурда, Мадумаровдун бактысына булуттан чыккан айда болуп сен пайда болдуң.

Мадумаровго кошулуп ким болдуң? Кылмыштары башынан ашкан, эл жек көргөн Атамбаевге табакташ, шериктеш, дос болдуң.

Раматылык Апсамат Масалиевич сенин бул кылыгыңды, картайганда сымаптай тайып калганыңды көргөндө эмне дейт эле?

Башкалар "Ташиев кет" десе да сен жы-ым жүргүн. Ташиевди кет дейм деп, араң турган акыркы аброюңду айрандай төгүп аласың.

Шамурза Борукулов, журналист