Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 199

- Мен деле Атамбаевдин убагында бир жарым жыл СИЗОдо отургам. Азыр биригип алып Ташиевге каршы иштеп жатышкан саясий күчтөрдүн арасында жүргөндөрдүн бир даары, ошол эле Равшан Жээнбеков да отурган. Ал УКМКнын тергөө абагында санчасть деген болоорун жакшы билет, анын ичинде айыпталуучулар эркин басып жүрүшөт. Менимче, айыпталуучунун өлүмүнөн саясат жасап жаткандар Ташиевди, Зулушевди жаманатты кылууну каалап жатышат. Алар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып саясий упай топтогулары келишет. Атамбаевдин убагында абакта отурганымда биз менен 72ден ашып калган карыя отурган. Кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруп, дарыгерлер тез арада дарылоого жаткырыш керектигин айтканына карабастан дарыланууга чыгарышкан эмес. Ал убакта айыпталуучуларга мамиле өтө катаал болчу. Аны отуруп чыккандардын баары жакшы билишет.

Өлүм Кудайдан. Андан саясат жасаган өздөрүн оппозиция дегендер элдин пикирин буруп, эки досту уруштуруунун амалын издеп жаткандай. Эки дос жөнөкөй достор эмес, алар тизелеп келген элди кантип өйдө тургузабыз деп иштеп жатышат. Бизде кырдаал оңой эмес. Кыргызстан 30 жылда Сталинграддай эле талкаланды. Ошону оңдойлу, алдыга жылдыралы деп турганда саясий күчтөр ар кандай аракеттерди жасап жатышкандарына таң калам.

Булак: “Майдан.kg” гезити