Азыр коомчулукта саясат таануучу Марат Казакпаевдин, анан “Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмдөрү чоң резонанс жаратууда. Ирээти менен айтсак, Марат Казакпаевге 2019-жылдын 23-сентябрында же мурдагы бийликтин убагында Кылмыш Кодексинин 307-беренесинин 1-пунктунун негизинде кылмыш иши козголуп, ал 2021-жылдын 14-апрелинде камакка алынган. Ага “мамлекеттик жашыруун сырларды чет өлкөнүн атайын кызматтарына берген” же “мамлекеттик чыккынчылык кылган” деген айып коюлган. Сотко барганда андан кандай жыйынтык чыгарылмак, аны бир кудайдын өзү билет, бирок мындай айып тагылган адамды УКМКнын жетекчиси каалаган күндө деле баш коргоо чарасын өзгөртө алмак эмес. Эгерде “чыккынчы” деген берене менен айыпталгандар үй камагына чыгарыла бере турган болсо, анда калган кылмышкерлерди СИЗОлордо түгүл, түрмөлөрдө деле кармоонун кажети болбой калат. Дүйнөнун бир да өлкөсүндө мындай беренелер менен айыпталгандарга жеңилдик берилбейт. Айрым саясатчылардын мына ушуну эске албастан УКМКга, анын жетекчисине асылып жатышканы - аны да саясатка айландыргылары келип жатканы менен гана түшүндүрүлөт.
Көзү ооруганда Марат Казакпаев жыйырма күндөн ашык Улуттук госпиталда дарыланыптыр, анан 9-июнда инсульт болуп, ден соолугу кескин начарлаганда бейтапканага жеткирилип, бирок тилекке каршы, өзүнө келе албай андан көз жумуптур. Бул анын үй бүлөсү үчүн гана эмес, коомчулук үчүн чоң трагедия, биз да анын жакындарына көңүл айтабыз, бирок мында УКМКнын же анын жетекчисинин канчалык күнөөлөрү бар? Же алар маркумга убагында дарыланганга мүмкүнчүлүк беришкен эмеспи? Чындыгын айтуу керек, өздөрүнө кармалгандардын кандай жаза алышса да аман-эсен чыгып кетүүлөрүнө көчө саясатчыларынан мурда, алар биринчи кезекте кызыкдар. Алар дарыгерлер айткандын, сунуштагандын баарын аткарышкан. Бирок, тилекке каршы, ажал жеткенде үйлөрүндө жакшынакай болуп жүргөндөр деле күтүүсүз жарыкчылыктан өтүп кетишүүдө. Ага арга табылбайт экен, ошондуктан УКМКга, анын жетекчисине асылып, кудум алар муунтуп өлтүрүшкөндөй көрсөтүп, анын тегерегинде ызы-чууларды көбөйтө берүү чындыкка ылайык келбейт. Кайталайбыз, жогорудагыдай берене менен айыпталганды УКМКнын жетекчиси өз ыктыяры менен баш коргоо чарасын өзгөртө алмак эмес.
3,5 миллион доллардын жаңжалы менен кармалган Бакыт Асанбаевдин өлүмү да көп суроолор жаралууда. Бир блоктун эки бөлмөсүндө 4 адам жатышса, кантип алардын үчөөсү Бакыт Асанбаевдин асынганы жатканын билбей, көрбөй калышсын? Андай жерге киргизилгендердин кемерлери, жоолуктары түгүл, ботинкасынын боолоруна чейин чечип алышат. Жипти ал кайдан тапкан? Анан анын жакындары маркумдун кабыргалары, денелери көгөргөн деп жатышат. Алар Президент түзгөн комиссия тарабынан дыкат изилденип, такталат, бирок “каралардын” дүйнөсүндө мурдатан келаткан бир адат барын же айыпталуучу алардын талаптарын аткарбай койсо, же оройлук кылса, алар өчтөрүн айыпталуучу ал жерде чыгып баратканда да болсо алышары кримдүйнөгө белгилүү. Бул жагынан алганда маркум банкир катары “черныйлардын” анабашчылары үчүн потенциалдуу өтө кызыктырарлык обьект болгону талашсыз. Бирок алардын колдору УКМКнын СИЗОсуна кантип жеткен? Максаттарына жетүү үчүн алар айрымдарды алдап, жалдап деле СИЗОго отургуза коюшу ыктымал. Биздин оюбузча, сырдын баары маркум акыркы сапарга узап баратканда “намаз окуп” жатышкан үчөөндө.
Биздин бул жерде айтарыбыз, ал сырлар ачыкка чыгарылмайынча аны саясатка айландырбай коё туруу керек. Асанбаевдин өлүмүндө УКМКнын моралдык күнөөсү бар, бирок ал канчалык деңгээлде экенин Комиссиянын жыйынтыгы көрсөтөт. Ага чейин үзүнүп-жулкунбай чыдай туралы.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан.kg” гезити