Камчыбек Ташиевдин психикалык абалы тууралуу справка жок, болгон да эмес. Бул тууралуу экс-депутат Жылдыз Жолдошова билдирди.
Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарынан Жогорку Кеңешке депутат болуп, бирок жогорку билими тууралуу диплому жасалма экени аныкталгандан кийин мандатын тапшырууга аргасыз болгон Орозайым Нарматова соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырган. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин психикалык жактан оорулуу экенин аныктаган справкасы бардыгын билдирген.
"Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун ар бир сот процесстеринин бирин да калтырбай, коллегам Курманбек Эргешов экөөбүз аягына дейре катышканбыз. Муну менен эмнени айткым келет, Камчыбек Ташиев бир гана сот аркылуу акталганы анык.
Эсиңерде болсо, урматтуу, эл - журт баарыңар күбөсүңөр, Камчыбек Ташиевдер Бишкек шаардык соту аркылуу (Курманкул Зулушев төрагалык кылган, кийинчерээк Медер Сатыев экөөнү тең бийлик кызматынан бошоткон) акталып чыккан.
Акыйкат үчүн айтып коёюн, андай справка жок, болгон да эмес", - деди Жылдыз Жолдошова.