"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланып, бирок аз күндөн соң жогорку билими тууралуу диплому жасалма болуп чыгып калгандыктан мандатын тапшырууга аргасыз болгон Орозайым Нарматова УКМКнын төрагасы тууралуу "психикалык жактан оорулуу" деген маалымат таратты.
Экс-депутат Ахматбек Келдибеков Камчыбек Ташиевдин ошол убактарда жанында жүргөн адам катары андай справка эч убакта болгонун билдирди:
- Бардык нерсенин өз талаптары жана айтылбаган эрежелери болот. Саясатта да ошондой. Кандай кырдаал болбосун биз кимдир бирөөнүн жекечилигине өтүп, анын жеке жашоосуна, адамдык касиетине асылууга акыбыз жок. Бул ар бир өзүн сыйлаган адам үчүн жазылбаган мыйзам.
Ал эми Камчыбек Ташиев тууралуу айта турган болсок. Айрымдар жөн гана үстүртөн кеп салып, каңырыш сөз таркатып жатышса, мен окуяга күбө болгон адам катары, Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы тууралуу справка эч качан болгон эмес деп так, кесе айта алам. Ооба, ошол кездеги бийлик менен Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Мындай сүйлөшүүлөр мыйзам ченемдүү эле. Эки тарап тең макул болуп, кол алышканбыз. Бирок, бийлик берген убадасынан таанып, президенттин аппарат башчысы баш болгон 3-4 адам Камчыбек Ташиев менен макулдашылбаган беренелер менен атайын кортунду даярдашкан. Бийликтин мындай арам ойлору, алар даярдаган атайын планы боюнча анын кабары да болгон эмес.
Биз, “Ата-Журт” партиясынын депутаттары бийлик тарабынан атайын долбоор даярдалып жатканын угуп, юристтерди чакырып, баарын изилдеп чыгып, бул Камчыбек Ташиевге карата кара сантайлык менен жасалган ыплас мамиле экенин тактаганбыз. Биз гана эмес бүтүндөй коомчулук бийликтин мындай кадамдарын Ташиевди саясатчы катары сындыруу аракети деп баалаган.
Ошондуктан бул окуяларга күбө болуп аралашып жүргөн адам катары ошол маалдагы бийликтин ыплас оюндары бүгүн, Камчыбек Ташиевди каралоо үчүн кандайдыр бир далил болуп бере албайт деп айта алам. Анткени, буга жалпы журт анан тарых күбө.
Анан жалпы саясатчыларга жана алардын тарапташтарына айтарым, бөлүнбөйлү. Азыр дүйнө тынч эмес. Мамлекеттүүлүктү сактайлы. Анткени, кереге көп, түндүк бир! Ошондуктан майдаланбайлы.