- “Кыргыз болоордун алдында орус болушубуз керек” деп бөлөк өлкөнүн саясатын ачык жүргүзгөн саясатчылардан мекенчилдикти кантип күтсө болот?! Согушка каршы бир да жолу үн катпай, тескерисинче Украинага каршы Орусиянын жардамы менен согушуп жаткан эч ким тааныбаган “республикага” жардам жөнөтүү - Кыргыз Республикасынын бейтарап статусуна каршы келип жатпайбы! Бул эмнеси?! Президент элибиздин, өлкөбүздүн атынан бир позицияны жарыяласа, а Жогорку Кеңештин фракциялардын бири Кыргызстан расмий түрдө тааныбаган ДНРди колдоп, бөлөк позицияны карманса - бул эмне деген шумдук?! Ал партияны Орусиянын башынан эле эмнеге колдоп жүргөнү - бардыгыбызга маалым. Жада калса Орусия өзүнүн телеканалдарынан аны сайратып, кыргыз мигранттар менен жолугушууларына жашыл светофор ачып бергени - жок жерден эмес. Мына эми “бизди өзүңө кошуп алчы!” деп Путинге кайрылганы ырас болсо, анда партиясын “Пүтүн” же андан жакшы - “Путин Кыргызстан” деп жарыялап алышсын жана “УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев биздин колубузду сындырам деп жатат, камаймын деп жатат!” деп бардыгы саясий башпанек сурап Орусияга көчүп кетишсин! Кыргызстандын көз карандысыздыгына, эгемендүүлүгүнө чыккынчылык кылып каршы чыккан кыргыз аттуулар максатына жетип “орус” болобуз дешсе мейли Орусияга көчүп кетишсе эч ким кайгырбайт.
Мисалы мен үчүн эркин Кыргызстаным, көз карандысыз Мекеним өмүрүмдөн кымбат: ким биздин эгемендүүлүгүбүзгө каршы чыкса же өлкөбүздү басып алам десе - аларга каршы күрөшкөндөрдүн 1-катарында боломун, керек болсо - курал көтөрүп каршы чыгам! Жашоом, саясий позициям менен мекенчилдигимди дайыма тастыктап, далилдеп келип жатканым, өзгөчө 1990, 2010-жылдардагы улут-аралык кагышуулардай, 1999-жылы Баткен согушундай элибиздин башына оор күндөр, сыноолор түшкөндө, элибизге маалым. Ошондуктан бүгүн да ким чыккынчылык, саткындык кылса - ал менин эң чоң душманыма айланат!
Булак: “Майдан.kg” гезити