- Бул боюнча президент Садыр Жапаров комиссия түздү. Акыйкатчылык да эки өлүм боюнча иликтеп чыгуу ишин колго алып өзүнчө комиссия түзгөнү айтылды. Ошолордун жыйынтыгын күтүү керек. Камчыбек Ташиев өзү деле окуяны териштирип жатса керек. Бизде мындай да, саясий күчтөр, оппоненттер ушундай иштерден пайдаланышат. Казакпаев каза болгондо дагы ага тиешеси жоктор деле акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара калышып, ар кандай сөздөрдү айтышпадыбы. Бул туура эмес. Өлүм деген трагедия. Аны саясатка аралаштырууга болбойт. Айтчу сөздүн өзүнүн убактысы бар. Зыйнатты сөз айтууга айлантып жиберүү – пастык. Комиссиянын жыйынтыгын күткөнгө көнүш керек. Бирок анын жыйынтыгына да ишенбегендер табылат. Кудайга да ишенбеген кишилер болуп жатканда, комиссиянын жыйынтыгына баарын эле ишендире албайсың да.