Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 171

- Маркум Бакыт Асанбаев “Айыл Банктын” жетекчисинин орун басарлык кызматына капысына келип калган жок да. Турмуштук тажрыйбасы, басып өткөн жолу, билими бар болгон. Анан ошондой адам жөн жерден өзүнүн жанын кыйып жибербейт. Себеби болсо керек, аны тергөө аныктайт. Ал эми ошол жерде отуруп алып УКМКнын төрагасы көзөмөлгө албай койду деп айтылып жаткан нааразычылыктар үйдө отуруп алып “эмнеге бүгүн күн ысык, эмнеге бүгүн жамгыр?” – деп нааразы болгондой эле кеп. Кызматта болгондон кийин ар бир адам өзүнүн кызмат ордуна жараша милдеттерди, укуктарды алат. Бул жерде айыпталуучунун өзүн астырган шартты текшерип караш керек. Жашоодо ак менен карадан башка дагы боектордун көп палитрасы бар. УКМКнын абагында мурда өзүнө кол салуулар болбоду беле? Мындан кийин да болот. Турмуштун агымында ак-карадан башка да көп иштер болот. Анан эле укмуштуудай кылып УКМКда ушундай окуя орун алды деп жатышат. Жолдо баратып аварияга учурап каза тапкандар үчүн анда машина чыгарган заводдун ээсин, ИИМди, ГАИ кызматын, жол куруучуларды айыптайлы. Адам бир нерсеге шылтоо издеп табам десе, коко тикен жабышып алгандай эле жабыша берет. Бул маселеде шашкалактыкка алдырбай, акылмандык, даанышмандык менен иликтеп, изилдеп анан чыгарыш керек. Болуп-болбой жатып чуу кылып, “бул ишке тигини да айыптай салалы” демей жоруктан алыс болуш керек. Бул кыргыз элинин маданиятына, жашоосуна, турмуштук философиясы дал келбейт.

Садыр Жапаров эң оор тармакты Камчыбек Ташиевге “оңдоп, жолго сал” деп ишенип берди. Ташиев эми оңдоп келатканда минтип нааразы болгондор пайда болду. Ташиевдин жасап жаткан аракеттеринде элим, жерим, мамлекетим деген ыйык милдет турат. Бул маселеде шашкалактыкка жол берсек, катачылыкка алып келет. Ташиевди кетсин деп жаткандар кандай адамдар, турмуштук позициясы кандай? Этияттабасак мамлекеттин ичине, аймактар ортосуна бүлүк салып, элди кыйынчылыкка алып келүү коркунучу жаралат. Кайсы эл болбосун өзүнүн мыкты уул-кыздарына таянат, шарт түзөт, колдойт. Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрөлү деген асыл максаттарды ишке ашырып жаткан адамдарды ынтымакта колдойлу, бир ууч адамдардын сөзүн ээрчип кетпестен.