Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 832

Учурда мамлекетти ээн-эркин талай албай калган уурулар менен бийликке жетүүнү көздөгөн кузгундар биригип алышып, УКМКнын СИЗОсундагы окуялардын шылтоосу менен Камчыбек Ташиевге туш-тараптан чабуул баштап, кызматтан кетишин талап кылууда. Карапайым элдин, өлкө келечегин ойлогон акыл-эстүү жарандардын баары мындай аракеттердин түпкү максаты – бийликти кулатуу экендигин түшүнүп турушат. 

Бул бузукулар үчүн убакыт маанилүү нерсе. Анткени, алар күн өткөн сайын элдин бийликке болгон ишеними бекемдей баштаганын сезип турушат. Анткени, элге берген убадалар убагында аткарылууда, социалдык багытта мурда болуп көрбөгөндөй камкордук орун алууда. Мындай сценарий менен кеткенде, тез арада аракет кылып, бийликти кулатышпаса, кийин таптакыр мүмкүнчүлүк болбой турганын билишет. Ошондуктан, “ва-банкка” кетип, жалгандын баарын айтып, элди “обработкага” алууга өтүштү.

Эмнеге Ташиевге басым катуу болууда? Анткени, анын мамлекеттүүлүк үчүн күрөштө кайра тартпаган, чечкиндүү темир мүнөзү эл душмандарына жакпайт. Алар кимдер?

Биринчиден, өлкөнү отуз жылдан бери талап-тоногон уурулар! УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин курч жана өзгөчө мүнөзү баарына эле жага бербейт, бирок факт факт бойдон калууда – дал ушул Ташиев УКМКнын башчысы болуп келгени өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүдөгү кырдаалды кескин өзгөрдү. Кыска убакыттын ичинде УКМК мурда жооптуу кызматтарды аркалаган, өлкө башкарууда маанилүү чечимдерди кабыл алып жүргөн бир топ жогорку даражалуу аткаминерлерди кармады. Алардын арасында премьер-министрлер, депутаттар, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери бар. Алардын көбү айыбын моюнуна алышты жана уурдаган каражаттарын өлкө казынасына кайтарышты. 2020-жылдын соңунда эле бюджетке 7,5 миллиард сом кайтарылды. Дал ошол уурулар үчүн Ташиевди жок кылуу башкы максат. Ошондо булар жеген-ичкени чөнтөгүндө калаарын, а арткан миллиондорго башка куурчак ажону алып келсе болорун ойлоп жүрүшөт.

Экинчиден, бийликти алууну көздөгөн арам ойлуу кузгундар! Ташиев азыр буга чейин “майлуу” орундарда отурууга үлгүргөн, учурда ар кандай саясий оюндар менен бийликке кайтууну каалаган өтө көп саясатчыларга ыңгайсыз фигура! Аларга УКМКнын төрагасы тамагына тыгылган сөөктөй эле болуп турат. Анткени, Ташиев турганда дагы бир революция жасоого жол бербей турганын түшүнүштү. Алардын максаты бирөө - Ташиевди кетирип, андан кийин президентке жалпы чабуул жасоо! Ташиев менен Жапаровдун ортосуна башынан от жагып жүрүшөт, бирок колдорунан келбейт! УКМК СИЗОсундагы окуялар кезектеги от жагуунун эле аракети!

Үчүнчүсү, УКМК башчысын кызматтан кетирүүгө коңшу өлкөлөр дагы кызыкдар болушу ыктымал. 2020-жылдын ноябрында УКМКга өткөрүлгөн Чек ара кызматы боюнча да бир топ аракеттерди көрүп жатканы өзүнчө сөз айтууга арзыйт. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жаңжалдарында ойногон ролу коңшу мамлекеттин айрым таасирдүү адамдарына таптакыр жаккан жок. Ташиевдин чек араны чычкан өткүс кылып жаап салганы да чек аралаш мамлекеттерге жакпайт! Чек ара тыкыр жабылгандыктан аткезчиликтин да жолу буулду! Андыктан, бул багытта да душмандары толуп жатат.

Башкача айтканда – Камчыбек Ташиевдин бардык иш-аракеттери мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. 
Ал болуп көрбөгөндөй басым-кысым, чабуулдардын баарына өзүнүн темир мүнөзү менен чыдап келе жатат. Бүгүн ага каршы сөз сүйлөп жаткандын баары бириксе да, Ташиевдин элге жасаган ишинин бир пайызын дагы жасашкан эмес! Бирок, маселе эми бир нерседе калды – Камчыбек Ташиев уурулар менен кузгундардын басымына эми аягына чейин чыдап турабы? Өзүнүн ден-соолугу дагы акыркы кезде суроо жаратып жатат. Эгерде “тойдум байдын кызына” дегендей, баарын таштап кетип калса, анда мамлекеттин тагдыры эмне болот? Ташиевдин ордуна анын деңгээлиндей адам келеби? Андай адам барбы? Кыргыз эли туура жыйынтык чыгарыш керек, элге келечек, элге өзү үчүн күйгөн уулу керек болсо - өз сөзүн айта турган учур келди!