Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 286

УКМКнын коррупция менен күрөшүү аракети – алгач шоу деп ойлошкон. Мамлекетти талап-тоноп байыган коррупционерлер мурдагыдай эле сатып алып кутулабыз деген ишените болчу.

Камчыбек Ташиевдин катаал мамилеси уурулардын эсин эки кылды. 30 жыл уурдаганын 30 күндө мамлекетке өткөрүп беришти. Чыдабаган уурулардын алды суу кечип качса, кача албагандары Ташиевди каралатып, жалган жалаалар менен элге жек көрсөтөбүз деп убара. Албетте уурулар үчүн Камчыбек Ташиев эң жаман адам. Бирок ырыскысын уурдаткан карапайым эл Ташиевди урматтап, ишеним артышууда.

Коррупция эле эмес, кылмыштуулук менен күрөшүү дагы катуу жүрдү. Кыргызстанда “авториттеттер” эмес, мыйзам авторитет болду.

Мына ушул факторлор Ташиевдин душманын көбөйттү. Болгондо дагы кылмыш дүйнөсү, уурулар жана акчалуу коррупционерлер бүгүн Ташиевди аңдып турушат. Мындай катаал, аесуз күрөш чынында 30 жылда болгон эмес.

Бүгүн, Ташиевдин душманы уурулар. Тилектештери - карапайым эл. Демек, коррупция менен күрөш аракетине эл тилектеш болуш керек. Элдики элге!