Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 657

 Адам өлүмүн жеке саясий рейтингин колдонуу үчүн пайдалануу, өлүмгө жеткирген себеп катары жалган маалыматты таратуу – бул адепсиздик жана цинизм. Кыргызстандын оппозициясы учурда ушуну менен алект болууда. Бул тууралуу журналист Бердибай Саматовдун “Коопсуздук аспектиси” автордук көрсөтүүсүндө айтканына таянып, vb.kg сайты жазып чыкты.

Саматов белгилегендей, айрымдар мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылган мамлекеттик органдын статусун төмөндөтүүгө аракеттенип жатышат.

 “Жалган фактыларга, имиштерге, ойдон чыгарылгандарга, балким сырттан берилген божомолдорго таянуу менен аталган мекеменин кызматкерлеринин жана төрагасынын ишмердүүлүгүн жокко чыгарууга аракеттер жүрүп жатат. Мунун баары бир гана атайын кызматтын кызматкерлерин гана эмес, өлкөнүн катардагы жарандарын да тынчсыздандырбай койбойт. Коопсуздук кызматынын статусун жана имиджин түшүрүү эмнени билдирет? Кимге пайдалуу? Анын артында ким турат? Эң башкысы, жыйынтыгында мунун баары эмнеге алып келет?

Өлкөнүн коопсуздук кызматынын имиджин жана статусун түшүрүү – бул демек, маалыматтык басымды карапайым жарандардын мекемеге болгон ишенимин жокко чыгарууга жеткиргидей кылып таратуу. Бийликтин оппоненттери так ушундай жыйынтыкка умтулуп жатышат. Максаттарына жетишүү үчүн бардык куралды колдонуудан уялышпайт. Практика көрсөткөндөй, бул жерде алар анчалык түшүнүккө бай эмес. Ошондуктан, ар кандай калпты, ар кандай фейк маалыматтарды,  башка адамдардын кылган ишин, башкалардын акылын, ал турмак башкалардын кайгысын дагы пайдаланышат”, - дейт журналист.

Ошондой эле, ал коопсуздук кызматына элдин ишенимин жок кылып коюу Кыргызстандын душмандарына да пайдалуу экенин белгиледи.

“Өзүнүн жеке эгемендүү мамлекеттик чек арасы, көз карандысыздыгы бар өлкөнүн геосаясий абалы бир уюлдуу дүйнөнүн көптөгөн тарапташтарына жага бербейт. Аларга  Кыргызстан кайсы бир ири державанын колониясы болсо, ошол ыңгайлуу болмок. Анда эле Кыргызстан аскердик базага же чийки зат булагына айланып калмак. Же жалданма радикалдык экстремисттерди даярдоо аймагы болот эле. Айтылгандар эгемендүүлүгүнөн жана жеке улуттук коопсуздугунун ишенимдүү механизмдеринен айрылган Кыргызстандын тагдырына туш келчү варианттардын баары эмес. Оппозициянын “ызы-чууларынын” жана саясий “мелөөлөрүнүн” артында ким турганын айта турган болсок, анда алыска баруунун жана көпкө ойлонуунун кереги жок. Бүгүн Борбор Азия чөлкөмү айрым бир деструктивдүү күчтөрдүн кылдат байкоосунда турат, аларга мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн өз алдынча болуусунун такыр кереги жок, ал турмак пландары үчүн зыяндуу болуп саналышат”, - деп билдирди Бердибай Саматов.