- Росиянын айрым сайттары “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Донбаска жардам жөнөткөнүн, ошондой эле партиянын өкүлү Кыргызстанды Россияга кошуп алгыла деп айтканын жарыялашты. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Азырынча бул маалыматтын канчалык чын-жалганын эч ким билбейт. Балким, бул орусиялык “үшкүрүк үгүтчүлөрдүн” өрдөктөрүнүн биридир, мүмкүн, орустарды шыбыры менен чындыкка окшогон калпыдыр. Кандайынан албайлы, мындай аракет бийликти кулатуудагы тымызын аракеттердин бири деп ачык айтсак болчудай. Ооба, бүгүн дүйнө экиге бөлүнүп калды, бир жагында беш-алты гана мамлекет... Дүйнө дүйнөлүк тартипти кайрадан орнотуунун алдында турганда ар кимдин табити өзүнө бап келет окшойт.
“Бүтүн Кыргызстан” дегени Мадумаровдун жолбашчылыгынын алдында парламентти бийликтин оппозициялык чордонуна айлантып, системалуу оппозициянын башын кылтыйтып, Украинадагы согуштун түспөлүндө орустардын колуна суу куйуп, кара батасын алып... буйруса тактыны алабыз деп жүгүргөнүн сокур деле көрүп турат. Дүйнөдөгү эң сабаттуу, эң акылдуу, баарын алдын ала көрүп, башта, тагыраагы, о качан эле айтып салган Мадумаров негедир орус-украин согушун алдын ала көрбөй калганын. Балким, качан эле айтып салгандыр, аны согуштан кийин сөзсүз жар салып чыгат. Кеп анда деле эмес.
Ооба, Мадумаров орустун бир катар лөктөрү менен тымызын сүйлөшкөнү анык. Алар убадаларын да беришкени ачуу чындык. Болбосо, минтип кыйшың-куйшуң кылгыдай анын деле башы экөө эмес. Бирок, таразадагы таш башка жакка ооп кетсе... Мадумаров жаман көрүнүп, котур ташын ыргытып жактан "көкүлдөр" маарага алдыга чыгып келсе не болот? Аны ойлоп койгон жери жок. Советтик ой жүгүртүү, советтик тарбия, СССРдин кубаттуулугунан шек албаган аң-сезим дүйнөнүн баарын империалист деп атап алгандар башкачараак ойлонтпойт дагы.
“Бүтүн Кыргызстан” согуш жаатында бейтарап. Бирок Орусия менен болгон алакаларынын баарында бар. Ошондуктан чыккынчылык деп атоого ооз барбайт. Бирок адилеттик үчүн жанымы саям деген Мадумаров жана “Бүтүн Кыргызстан” ак менен караны ажыратууда “күчтүүнүн алдында күчсүз дайыма күнөөлүү” дегенди туу кылып көтүрүп чыгып жатпайбы. "Мышыктын агы-карасына карабай чычканды кармап жесе болду" окшойт буларга.
Бирок арамза ойлор дайыма арамза бойдон калат. Мадумаров “сабаттуулардын эң сабаттуусу” катары гана калышы мүмкүн... кылмыш жообуна эле тартылып кетпесе...