- Тажикстан боюнча сурабай коё албайм. Чек ара маселесин УКМК тескеп калбадыбы. Ѳткѳн жылдагы 36 адамдын ѳмүрүн алып, 180 адамды жарадар кылган Тажикстан менен чек аралаш аймакта орун алган конфликттин себебин эмнеден кѳрѳсүз? Тажикстандын пландалган согуштук агрессиясы болдубу же сиздер тарабынан шалаакылыкка жол берилдиби? Бул курмандыктар үчүн сиздер кандайдыр бир жоопкерчиликти сезесиңерби?
- Биздин чек арада орун алган ар бир конфликттер үчүн моралдык жоопкерчилигибиз бар. Чоң, кичине экенине карабай, орун алган окуялар үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Юридикалык жана саясий жоопкерчилик үчүн окуянын келип чыгуусун иликтеп, кайсы жерден туура эмес иш-аракетке бардык, конфликтти алдын алууга же токтотуу үчүн кандай чечимдерди кабыл алдык, ушул суроолорго жооп беришибиз керек. Аталган конфликт узактан бери бышып, жетилген эле. Андан кийин да маал маалы менен орун алып жатат. Чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин бүтмөйүнчө конфликттер токтобойт. Аны баарыбыз билип турабыз. Бирок ошого карабай кырдаалды жумшартып, конфликттердин чыгуусун алдын алуу, кесепеттерин минималдаштыруу багытында тынбай иш-аракеттерди жүргүзүп келатабыз. Кокус чек арада жаңжал орун алса, биз биринчи кезекте адам өлүмдөрүн болтурбоону ойлонушубуз зарыл. Келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтурууга болот, бирок адам өмүрлөрүн калыбына келтире албайбыз. Ошондуктан биздин жоопкерчилигибиз чоң. Биздин чечимдердин айынан адам курмандыктары болуп кетсе, жарандар жабыркап калса, мыйзам чегинде жооп беребиз.
- Эгерде сиз жоопкерчилигиңизди сезсеңиз, анда сиз кызматтан өз каалооңуз менен кетишиңиз керек эле да. Чек арада чатактар орун алган учурда коомчулук сиздин кызматтан кетүүңүздү талап кылышты. Бирок сиз кызматтан кеткен жоксуз. Демек, сиз буга чейинки чек арадагы конфликттер үчүн өзүңүздү жооптуу эсептебейт экенсиз да...
- Чек ара аймактарында орун алган окуялар үчүн өзүмдү күнөөлүү эсептебейм. Менин эл, мамлекет алдында абийирим таза, жүзүм жарык. Көпчүлүк маселенин өзөгүн билишпей эле айыптай беришет. Маселенин коомчулук билбеген белгисиз жактары көп. Мен кызматым боюнча конкреттүү конфликт, чыр үчүн эмес, жалпы өлкөнүн, элдин коопсуздугу үчүн жооптуумун. Мындай жагдайда жоопкерчиликсиздик кылып, баарын таштап, кызматынан кетип кала албайм.
- Өзүңүзгө болгон сындарга кандай карайсыз?
- Абдан жакшы. Каалагандай сындап, жаза бергиле. Болгону ал сындар объективдүү, факты, аргументтерге негизделген болсун. Туура эмес иш кылып атсам, аны да факты менен айткыла, билдиргиле. Бирок курулай айыптоолордон алыс болгула. Азырынча мага коомчулуктун чоң дооматы жок. Анткени, мен мамлекеттен эч нерсе уурдаган жокмун, туура эмес иштерди кылбадым, өзүмдүн кызмат абалымды жеке кызыкчылыктар үчүн пайдалангандан алысмын. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатам.
Журналисттердин сындары, көз салуулары бизди кадимкидей тартипке чакырат, тарбиялайт. Журналисттердин сынына калбайын деп ар бир иш-аракетибизди, кадамдарыбызды этияттык менен кылганга, мыйзамдын талаптарынан чыкпаганга аракет кылабыз.
- Биз өз ишибиздин кылып аткан экенбиз да…
- Ооба, силер өз ишиңерди кылып келатасыңар. Силер бизди дайыма көзөмөлдөп турасыңар. Ал бизди кубандырат.
- Мен сизди Бакиевдин жактоочусу катары кабыл алам. Жогорку Кеңештин бир жыйынында депутаттардын баары Бакиевге каршы добуш беришкенде, жалгыз сиз Бакиевди колдогонуңуз эсимде. Азыр аны реабилитациялоо аракети жүрүп жаткандай таасир жаралууда. Анын кайтып келишине шарттар түзүлүп жаткандай… Айтсаңыз, эмнеге антип атасыңар? Же аны менен жакшы мамилеңиздер бар үчүн кандайдыр бир көз карандылыгыңар барбы?
- Сурооңузда айтылгандай - “Жогорку Кеңештин жыйынында Бакиевди колдоого алганыма” токтолоюн. Бакиевдин учурунда ошол эле А.Мадумаров, Д.Үсөнов, М.Султанов ж.б. Бакиев тарапта болушуп, мен жалгыз калгам. Тескерисинче, мен өзүм жалгыз Бакиевдин учурунда Конституцияны кабыл алууга каршылыгымды билдиргем. Акыйкаттык тебеленип жаткан жерде унчукпай тура албайм. Ошондо “элге, өлкөгө каршы Конституцияны кабыл алып жатасыңар”- деп айтып чыккам. Менин айтканым ырасталып, 3-4 айдан кийин Конституциянын долбоору кайрадан кабыл алынган. Эгерде мен ошондо каршы чыкпай, башкалар сыяктуу эле колдоого алганымда, мыйзам бузууларга жол берген Конституция кабыл алынып, анын кесепети жаман болмок. Мен жалгыз каршы болгонум үчүн кайрадан каралып, кабыл алынган. Ошондо мен Бакиевди колдогон эмесмин, тескерисинче, каршы чыккам.
- Конституциянын ал долбоорун кабыл алууга эмнеге каршы чыккансыз?
- Ал Конституция одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынган. Мыйзамдык процедуралар сакталган эмес, аны кабыл алдырууга басымдар болгон. Ошол жагдай мага жаккан эмес. Ар бир мыйзамдар коомчулуктун талкуусунан кийин кандайдыр кысым, басымдарсыз мыйзамдык процедураларды бекем сактоо менен кабыл алынууга тийиш.
Эми Бакиевди реабилитациялоо боюнча сурооңузга жооп берейин. Аларды реабилитация кылалы деген эч ким жок. Аларды эл гана кайсы бир учурда реабилитациялай алат. Бийликтин Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны, Атамбаевди же Жээнбековду реабилитациялоо планы жок. Биз тигил же бул саясий күч, клан үчүн иштебейбиз, элдин кызыкчылыгы биз үчүн баарынан жогору турат. Дагы кайталайм, Бакиевдерди реабилитациялоо боюнча эч кандай ниетибиз да, каалообуз да жок. Ага эч бир бийлик барбайт. Акаевди, Бакиевди кечирип, реабилитациялоо элдин каалооосуна, эркине жараша болот.
- Ош коогалаңы боюнча иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүп жатасыздар. Сиздин оюңузча, бул маселенин азыр көтөрүлүп жатканы туурабы? Бул коомчулукта кандайдыр нааразылыктарды жаратып, саясий кырдаалды курчутуп ийбейби?
- Биз кимдир бирөөлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн убакыт тандабайбыз, жоопко тартылуучу адамдарды да тандабайбыз. Мындай мамиле кылуу туура эмес болот. Бүгүнкү мезгил, мыйзамдар талап кылууда. Биз өз учурунда мыйзам чегинде тийешелүү чечимдерди көрүшүбүз зарыл. Кимдерди жоопко тартууну тандоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Июнь окуясы боюнча тергөө, иликтөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Ишти аягына чыгарса, сот чечимин чыгарат.
- Бизде дагы кезектеги революция болобу? Сизде бул боюнча маалымат барбы?
- Кээ бир саясий күчтөрдүн өлкөдө ызы-чуу уюштуруп, бийликти тартып алууга болгон ниеттери, көксөөлөрү бар. Алардын аракеттери революцияга алып барабы, жокпу, ал башка маселе. Биз албетте, атайын кызмат катары жөн отурган жокпуз. Мыйзам чегинде алдын алуу, ызы-чууларды болтурбоо, дестабилдүүлүк кылгысы келгендерге чара көрүү иштерин жүргүзүп атабыз.
Эл, коомчулук революция жакшы нерселерге алып келбей турганына ишенип бүттү. Бизге революциялык эмес, эволюциялык өнүгүү, мыйзамдык бийлик алмашуу керек. Эгерде коомдо саясий чыңалуу болсо, бардык саясий күчтөр элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн компромисстерге барышыбыз кажет. Мен революцияны эңсеген бардык саясий күчтөрго кайрылып жатам. Алар келип атышат, сүйлөшкөндөн кийин андай ойлорунан кайтышууда.
- Сиздер андай күчтөрдүн сүйлөшүүлөрүн тыңшайсыздар да ээ?
- Биз көзөмөлдөйбүз. Өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек келтирген күчтөрдүн аракеттерине көз жумуп, алардын колдоруна курал алып, аянтка чыгуусун күтүп отурбайбыз. Алдын ала эскертүүлөрдү берип, мыйзамдык чараларды көрөбүз. Биз өз ишибизди кылып аткан кезде эч кандай революция болбойт. Өлкөдө башаламандык, ызы-чууларды уюштуруп, элдин тынчтыгын буза турган болсо, аларга мыйзам чегинде катуу чараларды көрөбүз. А мыйзамдар бизге андай чараларды көрүүгө укук берет.
Эмнеге буга чейин революциялардын болуп кетүүсүнө жол берилген? Мыйзам чегиндеги чаралар убагында көрүлгөн эмес, кечигип калышкан. Анын кесепетинен анархиялык абал жаралган. Өлкө башчылары эмне кыларды билбей отуруп калышкан, ал эми күч түзүмдөрү команда күтүшүп, конкреттүү чараларды көрө алышкан эмес. Революциялык кырдаалды алдын алуу, саясий күчтөрдү нейтралдаштыруу иш-аракеттери да жетиштүү болбогон. Натыйжада элдин куралдануусуна чейин жол берилип калган.
- Бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө, кызматташууга даяр экениңизди айттыңыз. Азыр саясий күчтөрдүн бир бөлүгү төңкөрүш жасоого аракет кылышкан деп айыпталып, аларга карата сот иштери жүрүп жатат.
- Мисалы, кимдерди айтып жатасыз?
- Курсан Асанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков. 5-октябрда сиздер бийликке келдиңиздер. Эмнеге буларга козголгон кылмыш иштерин жокко чыгарбай жатасыздар?
- Бир аз сабыр кылып, чыдап туруңуз. Сот өз чечимин чыгарат.
- Алардын акталарына убада бере аласызбы?
- Убада бере албайм. Чечимди сот чыгарат.
- Кыргызстандын жараны катары революция болуусун каалабайм. Бирок кимдир бирөөгө карата акыйкатсыздык болуп жатканын көрүп, нааразы болбой коё албайсың…
- Садыр Нургожоевич мамлекет башында турганда, акыйкатсыздык болбойт. Атайын кызматтын жетекчиси катары акыйкатсыздыкка жол бербей тургандыгыбызга ишендирип кетем.
- УКМК кызматынын жетекчилигинен кеткенден кийинки карьераңызды кандай көрөсүз?
- Биринчиден, убакыт көрсөтөт. Экинчиден, албетте, Кыргызстанда жакындарым, элим менен бирге тынч, жай турмуш өткөрүп, эл катары жашагым келет.
- Сыртка качып кетпейсизби?
- Жок. Андай эч качан болбойт. Мен Кыргызстанды ашкере сүйгөн кыргызмын. Мамлекетибизди мекени катары баары сүйүшөт, бирок мен өзгөчө сүйөм. Сыртка чыксам да, кайра бат эле сагынып, куса болуп мекениме кайтып келем. УКМКнын төрагасы кызматынан кеткен соң эл ичинде тынч жашоо өткөрө тургандыгыма ишенем. Эмне үчүн ишенем? Себеби, мен азыр кандай чечим кабыл алып атсам, алардын баары мамлекетибиздин кызыкчылыгына багытталган. Ал чечимдер кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Бирок алар элге, өлкөгө пайда алып келе турганын билем.
Маектешкен Лейла Саралаева, Булак: "Майдан. kg" гезити