- Эрнест мырза, жылкы теппей жылан чакпай эле Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаров т эгемендик күнү «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, бул тарыхый чечим болмок!"-дептир. Талгарбековдун бул пикири боюнча кандай ойдосуз?
- Садыр Жапаровду эл шайлаган. Мамлекеттин башчыларын эл шайлайт, эл кетирет. Ири державалардын геосаясатына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жакпай жатат окшойт, бирок эки дос мамлекетти башкарууда жакшы эле келе жатышат. Акырындап үйрөнүп, Кыргызстандын атын чыгарышат бул жигиттер. Бекболот байкебиз инсайдер маалыматтарга таянып туура эмес сөздөрдү айтып коёт кез кезде Антип айтса анда эмики президенттин атын айтсын. "Көзү ачыктар" көбөйүп кетти мошенниктерге окшоп. Дагы бир жолу кайталайм, карапайым элди ушул эки дос карайт. Элге таянып, тегерегин тазалап, иш алып барышса президент өзүнүн мөөнөтүнө чейин отурат. Туура эмес кеңеш бергендердин баарын кетириш керек. Геосаясатта бир сүйлөп, кыйшайбай түз жүрүш керек. "Надо быть игроком, а не фигурой"!