Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 457

- Бакыт агай, Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаров 31- август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок!"-дептир. Ал бул сөзү менен чындап президентке жакшылык кылгысы келеби же жеке таарынычын чыгарып атабы?

 - Биринчиден, 15 жыл Акаевге чыдап 2 жыл иштеген Жапаровду эмнеге шаштырып жатат деген суроо дароо пайда болду. Экинчиден, чын эле Жапаров өтө көп жоопкерчиликти мойнуна жүктөп алды. Балким ошо жүктү көтөрө албайбы деген мааниде айтып жаткандыр. Бирок Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен кардиналдуу реформаларды баштап жиберишти, бакыйган кризис-менеджер Акылбек Жапаровду өкмөт башчылыгына дайындап, ишкерлер менен жалпы эл менен 30 жылда жылбаган проблемаларды чечип, жаңы экономикалык моделди киргизүүдө. Эки жыл албетте жетиштүү эмес. Ошон үчүн кеминде 10 жыл керек. Эгерде жаңы президент келсе кайра эле башынан баштаганга мажбур болобуз.  Коррупционерлерге улам президенттер алмаша бергени жагат, анткени ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мүмкүн ошол оңтойлуу учурду күтүп жатышкандыр.