Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 309

Жараткан Кудайым Кыргыздарга эгемендикти “асмандан түшүргөндө” сыноосун кошо түшүргөнбү?! Муса пайгамбар жөөттөрдү чөлдө 40 жыл ээрчитип жүрүп тарбиялагандай “тынч” жол менен “жанчып” тарбиялайын дегенби?! Кыскасы өткөн 30 жылда Кыргыз элимдин көрбөгөнү калган жок.

Алгач, Аскар Акаев президент болуп келгенде ошол кездеги жаштар кубанычыбыз коюнубузга батпай түнкү саат 12ге чейин аны Ак үйдөн чыгышын күтүп, чыкканда Топчубек Тургуналиев башына ак калпак кийгизип, чепкен жаап, “Академик, өтө билимдүү адам президентибиз болду”- деп сүйүнгөндөн ыйлаган да элек.

Анан эмне болду? Академик президентибиз айланасына билимдүү академик, болбой калганы эле Талгарбековдой илимдин кандидаттарын топтой баштады. Ого бетер эл катуу колдоп, “Мына жалаң билимдүүлөр бийикке келишти эми гүлдөп өнүгөбүз”- деп кубанычта чек жок. Анан калса Акаев да күпүлдөп, “Үч эле жылда Азиянын арстанына айланабыз, Швейцария болобуз. Силерди бүгүн элестете албай турган жыргал жашоого жеткирем”, - деп салды. Көрсө, элди эмес өзүнүн үй - бүлөсүн, жакын тааныш, туугандарын ошондой жашоого “жеткирем” деп айтып жаткан экен.

Жыл айланбай кайран элимдин шору шорподой кайнап, үч жыл өтпөй учуру менен айлык маяна, пенсия, жөлөк пул алмай деген түшүнүк унутулду. Акча ордуна курттаган ун, мөөнөтү өткөн азык -түлүк, ал түгүл өтпөй калган эски галошторду, гезит- журналдарды да бермейге өтүштү. Кайран элим ошого да көнүп чыдашты го. Эгемендикти алганга чейин күпүлдөп иштеп турган завод, фабрикалары, ишканалары бар, айыл чарбачылыгы өнүккөн мамлекеттин таш-талканы чыгып, мамлекети да, эли да кайырчыга айланды. Кадимки кара нанга жетпей элди ачарчылык каптады. Нанды бир тилимден үч маал жеген үй-бүлө жакшы жашаган үй-бүлө аталды. “Акылы ашынган Б.Талгарбековдун реформасы”- катуу башталганда бир койго бир шише арак да келбей калды. Ой кырдын баары канды - булоонго түшүп топоздор торойто атылып, кокту- коктуда топоз сойгон адамдар. Анткени, бүт мамлекеттик малды элге бөлүп берүүгө өткөндө айрымына 2, кээсине 1 топоз тийсе эмне кылмак эле. Топозду короодо колго багууга болбойт. Жалгыз топозун айдап тоо-ташта жүрмөк беле? Торойто атып союп жейт да. Кыскартып айтсам коммунисттик доордон мураска калган 10 миллиондон ашык кой (болгондо да меренос жүндүү, таза шерсть берген) миңдеген жылкы, миллиндогон уй бир жылга жетпеген учурда жылан соргондой жоголду. Короо сарайлар талкаланып таланды.

Так мисал келтирейин. Өзүмдүн айылымда колхоздун болгон малын кеч күздө бөлүп таратты. Бир классташыма 53 кой тийген экен, 3-4 классташ барсак бирин көтөрүп чапты, эртеси дагы бир классташ шаардан келсе дагы бирин көтөрүп чаап союп салды. Кой десек болбойт. “Короо толо кой турса классташымдан аянамбы”,- дейт. Бир жылга жетпей баягы 53 койдон ону да калбаптыр. Себеби көп. Биринчиси, мал кеч күздө таратылып эч кимиси күтүүсүз ошончо малдуу болом деп багууга тоют даярдаган эмес. Ал түгүл ошончо малды бага турган короо сарайлары да жок болчу. Союз учурунда деле айылдын астынкы бай адамдары аталган менин бир туугандарыма баш - аягы 2 жүздөй кой, он чакчы бодо мал тийген экен. Атам мал багуунун сырын билген адам катары үчтөн бирин колго тиери менен саттырып, тоют алдырып короо сарайды кеңейттирип улантып кетти. Колхоздун сарайлары 25-30 үй бүлөгө бирден сарай деп бөлүнгөн экен. Ошол замат талкалап бузуп, жыгачын жыгачтай бөлүп кетишти. Сарайлар согуштан кейинки үйлөрдүн кейпин кийип ураган дубалдары эле калган. Байкемдер өнөктөштөрүнө жалдырап, “Сураганыңарды берейин”- деп жатып ар бирине 200 литрден солярка бере турган болуп, бир сарайдын жарымысын араң буздурбай алып калган. Жерлер да жайыттар да келечекти эске албай бөлүнгөндүктөн жайыт талаш жыл өткөн сайын улам күчөсө, жерди туура пайдалануу проблемасы да жыл өткөн сайын баш ооруга айланууда. Колхоздо дыйканчылык сяктуу майда иш менен алектенгендер колуна тийген малдын баркын билбей багуудан кыйналып айла кеткенде сата башташкан. Сатыкта өтпөй арыктыгынан көбү кырылды.

Ошентип малдын баасы бир койго бир маасы ала албаган деңгээлге түшкөн. Малды айдап келип короого киргизип койсоң эле өздөрү жем чөп таап жеп, жатаар жерин жылуулап жашай бербейт. Малды багуунун да түйшүгү түмөн. Эрте жаздан жем чөбүнө кам көрөсүң. Киргизээрге короо сарайын даярдайсың дегендей. Малды бөлдүргөндө элде мындай түйшүктүн болоору Талгарбеков деген эргулдун оюна да келбесе керек. Анын мал чарбачылыгы боюнча жок дегенде 3 жыл кой баккан малчыча акылы болгондо “30 кой эмес, короосунда 10 кой кармабагандар колуна тийген малды кантип багат? Ушуну ойлонолу. Мамлекеттик деңгээлде кам көрөлү. Атайын программа кабыл алалы”- демек. Жерди ой келди бөлүп салгандыктан нечен жыл айдалбай кароосуз калганы болду. Техника жок болсо гектарлаган жерди күрөктөп айдайбы? Ал кезде ижарага жер бериш керек деген түшүнүк элге кире элек болчу. Ал түгүл “Акыга жер айдатат деген эмине? Колхоздон алган трокторго жеримди жөн айдап бербей “Баланча акы төлө”- дейт. Ботом. Бул эмнеси.”- дегендерди далай уктум. Жер айдалбай калганда баш бербегендер талааларга суу алпарган цемент латокторду чагып, темирин өткөзүштү. Кой деген киши болгон жок. Эми болсо кайра ошол жерлерге суу чыгарууга цемент латок кура албай кыйналышууда. Мына академик президент менен окумуштуу Талгарбековдун реформасы. Жыйынтыгында айыл чарбасы эле эмес жалпы мамлекеттик экономика кыйрап,талкаланып бүгүнкү күнгө чейин кыйналып ошондогу реформатордун азабын тартууда. 18 миллон долларга асыл тукум кочкор алдырып келип анысы бир жылга жетпей жер үшүп кырылып өлүп, ой деги кайсыл бирин айтайын, буларыңдын кылбаганы барбы?

Биздин колхоздун мыкты техникалар менен жабдылган тоют цехи болоор эле. Андан чөптөн жасалган түрлүү жем-ундар, башка да жемдин түрлөрү чыкчуу. Андай цех азыр республика боюнча жок. Айылга барсам талкалап бөлүп алганы жатышыптыр. Чыркырадым, “Бузбай сыртынан бекитип койгула. 10-15 жылдан кийин кайра иштетесиңер. Кийин мындай цехти таппай каласыңар.”- деп. Болушчубу талкалап темирин-темирдей, жыгачын-жыгачтай бөлүп кетишти. Бул эл бир акылынан айныса укмуш болот экен. Ошондогу элдин жүрүмү-туруму көз алдымдан кетпейт. “Таласак, тоносок, талкалап бөлүп кетсек”- деп эле жулунуп калышкан. Жогорку жактагы реформаторлорго, “Малды жок дегенде коңшу кытайлардын ыкмасына салып “темир кой” кылып тараткыла. Минтип жалпыга бөлүп салган болбойт. Менчиктештирүүнү жок дегенде Англиядагы үлгүгө салгыла. Айрым чоң завод фабрикаларды консервировайть этип бекитип койгула. Арадан 20-25 жыл өтүп кризис токтогондо кайра иштетсе болот. Англияда бир мезгилде ошондой болгон экен”- деп “Аалам” гезитине нечендеген макалаларды жаздым. Академик Президент менен окумуштуу илимпооз реформатор андагы жаш журналистин сөзүн угушмак беле. Кыскасы 3 жылга жетпеген мезгилде бир кезде өрүшүнө мал батпаган бай Кыргызстанды Талганбеков менен Академик Президенти экө итке минген абалга жеткисип, элди эптеп курсак тойгон жан сактоого далбастатып, коңшу өлкөлөргө тентиткен. Бул кантип элдин эсинен чыксын.

Ленин заводундагы жогорку тактыктагы өтө баалуу станоктор. Кампаларындагы толтура жыйылган ар түрлүү автоматтын огунан баштап, “Киргизия”- деген кир жуугуч машина менен электр чайнектерге чейинки байлыктар көз көрүнө вагондорго жүктөлүп сыртка ташылып жатты. Кыргыз автомаштагы 7 миң тонна “999” маркасындагы сары жез бир жумада жок болду. Кампадагы ГАЗ-66 үлгүсүндөгү жүздөгөн аскерий машиналар кытайга ит бекерге сатылып ордуна Кытайдын пластик бакылашкага куюлган заводдон чыкканы шектүү арагы менен шуңшуйган шишедеги пивосу келип Кыргыздардын ден соолугун талкаланды. Ал арактан нечендер ууланып бул жарыкчылык менен кош айтышкан. Ошондой жолдор менен сырттан техникалык спирттер келип бизде чала-була тазаланып аркка айланып элге тынымсыз сатылган. Ал түгүл спирттер ар кайсыл бурчта баклашкага констирге куюлуп сатылчу. Аны эл суу кошуп иче беришчү. Ал спирттин тазалыгы канча, ичсе болобу эч ким сурачуу эмес. Аны айтасыңар, канчалаган акыркы үлгүдөгү истребитель аскерий самолетторду, тик учактарды айдап кетип жатышты. Заводдорду завод боюнча, фабрикаларды фабрика боюнча академик президентке жаккан эргулдар коңшу мамлекеттерге көчүрүп барып өздөрүнө менчик кылып куруп алышты. Ошондо Шераалы деген бир тайманбас экономистибиз бар эле “Буларың Кыргызстандан бери болгондо (ошондогу доллардын курсу менен) 10 миллиарддан ашык баалуу мүлктү чыгарып кетишти. Ал эми 50 миллиард долларга жакын байлыкты ич ара талап тоноп бөлүп алышты”- дегени бар. Ушунун баары көз көрүнөө болуп жатса да бир депутат же бир мамлекеттик жетекчи көрбөй сокур, укпай дүлөй болушкан. Ушундай бир чоң ишти журналист катары изилдей баштасам “караларга заказ” кылышыптыр мени жок кылууга. “Каралардын” башчысы болсо сыртымдан билчү экен. Көрсө Союз мезгилинде каралардын тобунда жүргөн, СССРдин аймагына аты чыккан бир агаларым болгон. Ошону менен чогуу жүргөн жайы бар экен. Айтырып жибериптир, “Ушул ишти эч убакты жазбайм, өмүрүм өткүчө оозумдан да чыгарбай ичте сактайм”- деп убада берсин. Мен заказды отмен кылдырам. Болбосо мен болбосом башкага деле заказ беришет. Анда үй-бүлөсү менен жок кылынат.”- деп. Мен убада бердим. "Караларда" “Сөзүмө жооп берем”- деген түшүнүк бар. Аларга убада берсең аткарылыш керек. Мына ушундай. Мамлекеттик бийлик деген такыр иштебей айыл түгүл, ар бир көчөнү өз рекети башкарып калган. МАИ кармаса сураган акчасын бербей урушуп кетсең “Бизди баланча кара “кырышовайт” этет. Ошого айтам”- дечү. Деги эле мамлекеттик бийлик деген барбы эл түшүнбөй калган. “Президенттер” көбөйүп кеткен. Баласы өзүнчө, кызы өзүнчө, аялы өзүнчө, достору өзүнчө, Талгарбековго окшогондор өзүнчө “Президент”. Жанагы азыр текшерилип былыгы чыгып жаткан жасалма дипломдор ошол жылдарда сатылган. Кааласаң медик. хириругдун, кааласаң учкучтун дипломун сатып алсаң деле болот болчу. Ким каалагандар айдоочунун күбөлүгүн окубай эле сатып ала беришип жол эрежеси деген түшүнүк жок бүгүн авто авариялардын да көп болгону ошондон.

Академик президент менен анын окумуштуулардан, лаборанттардан турган командасы мамлекетти ушуга жеткискен. Азыркы жаштар буга ишенбей жомок деп ойлошу мүмкүн бирок жашы 50дөн жогоркулардын эсинен чыга электир. Анда эл момун болчу. Коомдогу түшүнүк, элдин бийликке болгон мамлеси бүгүнкүдөй денгээлде болгондо Акаев менен Талгарбековду тараткан галошторун өз баштарына кийгисип, кууп жүрүп таш бараңга алып өлтүрүшмөк.

Мен мамлекетти талап-тоноонун 10 пайызга жетпеген мисалын келтирип учкай кеп кылдым. Толук жазсам бир томдук. Ушул өткөөл мезгил боюнча “Шаарлар картайбайт”- деген роман жазып жүрөм. Буюруп чыгып калса окуйсуңар. Академик президент менен Талгарбековдой окумуштуулар Кыргызды улут катары жок кылып мамлекетин талкалап жоюп тарата турган абалга жеткиргенде эл эсине келип ойгонуп буларды кубалап жиберип кутулушкан.

Азыр самолет түгүл мамлекеттин бир эски машинасын суроо- сопкуту жок чектен сыртка алып чыгып кетчи эл сенин акеңди эртеси эле Үч - Коргондон көрсөтсүн. Бүгүнкү демократия. Бүгүнкү элдин мамлекеттик жогорку кызматта иштегендерди микроскоп менен карап турган адаты, “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, кичине шектүү сөз чыкса дүргүп турганы ушундай ар бирибиздин жаныбызга баткан өтө кымбат баа төлөө менен келген. Ушунун баары унутулду, эми сүйлөй берсем болот го дегенсип Талгарбеков ар нерсени дөөрүп үн чыгарса күйбөгөн жериң күл болот экен.