- Ибрагим агай, түштүк коогалаңына быйыл туура 12 жыл болот экен. Жаңы келген бийлик бул окуя иликтеп жатат. Кандуу окуя иликтениши керекпи же маани берилбей эле койгону дуруспу?
- Июнь окуясы кимдер тарабынан уюшулганын так аныктап, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек. Антпесе, бул окуя кайрадан кайталанат деген кооптонуум күч. Айтайын дегеним, 1990-жылдагы Ош окуясында күнөөлүүлөр жазасын албай калганы үчүн 2010- жылы кандуу окуя кайталанды. 2010-жылдагы кандуу окуяны уюштургандар жазасын албаса, тилиме тебиртке чыксын бирок, бул окуя дагы кайталанат. Мындай каргашалуу окуялар кайталанбасын десек, ким болбосун, кандай кызматта иштебесин күнөөлүү болсо жазалап, жоопко тартыш керек. Азыркы бийлик буларга дагы эле жумшак мамиле кылып жатат. Бул жерде чоңдор кимдер экенин ачык айкын айтып, тыкыр иликтеп чыгышы керек. Болбосо, бул маселе такыр чечилбейт. Ошон үчүн июнь коогалаңын уюштургандар кандай болсо да, өз жазасын алышы керек.
Мисалы, мен Өзбекстанда элчи болуп турганда бир дагы жолу “баланчаны кармагыла, түкүнчөнү Кыргызстанга жөнөткүлө”- деген кат же нота келген жок. Эгер ошондой кат келгенде Өзбекстанда жүргөн үч сеператисттин кармалышына болгон аракетимди жумшамакмын. Кадыржан Батыров бул дүйнө менен коштошуп кеткени менен башкалары Өзбекстанда жашап, бизнесин өнүктүрүп, иштеп эле жүрүшөт. Ошолорду кармап алып келсе, окуя кантип башталганын баарын айтып беришет.
- Өзбекстанда кимиси иштеп жатат?
- Иномжан Абдурасулов, Ж.Салахитдинов, Карамат Абдуллаева деген үчөө Өзбекстанда жашап, иштеп эле жүрүшөт. Ош коогалаңына чекит коюу үчүн ушуларды дагы жоопкерчиликке тартыш керек. Булар да эч качан көз жаздымда калбашы керек.
- Баса, Ибрагим Кожоназарович, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да камакка алынды. Ал өзүнүн калпыс иштери үчүн кармалдыбы же прокуратура далили жетишсиз болсо деле күчкө салып, камап салдыбы?
- Алымкадыр Бейшеналиевди Башкы прокуратура жөн эле жерден камабаса керек. Тагыраагы, прокуратуранын анык далилдери бар болгон үчүн, мыйзам бузгандары боюнча жетиштүү маалыматтар болгон үчүн камашты деп ойлойм. Болбосо, Башкы прокуратура министрди жөн жерден камап, катар-катар кылмыш ишин козгобойт эле.
- Бирок, ортодо баш прокурор менен министрдин тиреши бар болгон үчүн окуя ушул багытта өнүгүп кетти деп жатышат го? Буга не дейсиз?
- Башкы прокурор өч алыш үчүн же жеке кызыкчылык үчүн министрди камабайт деп ойлойм... Мүмкүн камакка алынгандар Алымкадыр Бейшеналиевге каршы көрсөтмө беришкендир... Ири суммадагы мыйзамсыз жумшалган акчалар, коррупциялык иштерин прокуратура далилдегенден кийин айтар. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиев интервью бергенде, сүйлөгөндө мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай, мамлекеттик кызматтын аброюн түшүрдү.
Булак: "Майдан. kg" гезити