Элге кеңири белгилүү учкул сөздү бир аз перефразалаганда: “Ырдаганынан да ырсалаңдаганы өтүп кетти” деп айтылат. Анын сыңарындай, катардагы илимий даражалуу дарыгер болуп келген Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болгондон бери ызы-чуудан башы арылбады. Эки күндүн биринде жаңжал. Бирде улуттук медицинабыздын сыймыгына айланган, дүйнөгө белгилүү хирургдарга асылса, бирде эл алдында кылыктуу келиндей кыңшылап, куудулга да айланып кетет. Анын өзүн өкмөт башчысы катары эсептеп алып, “мен медиктердин маяналарын мынча пайызга көбөйттүм” деп мактанган учуру да болду. ЖМКларга оңду-солду таркаткан оргу-баргы билдирүүлөрүнө эсеп да жетпей калды. Ал министр болгондон бери орун басарлары, түзүмдөрдүн жетекчилери менен перманенттүү түрдө жаңжалдашып гана келатат. Ошондон улам анын психикалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө ар кандай күдүктөрдү, шектерди айтып, жазгандар да болду.
Министр - аткаруу бийлигиндеги эң жогорку кызмат. Андан жогорусу-премьер-министр. Эң жогорку кызмат ордуна тандалгандар бери дегенде коомдук жайларда өзүн кантип алып жүрүүнү, жүрүм-турумун, тилин көзөмөлдөгөндү, мамлекеттик кызматкердин этикасынан аздыр-көптүр кабары бар, конфликтисиз, кол алдындагылар менен тил табыша билген адам болушу керек. Жетекчи үчүн “адамдар менен тил табыша билбейт” деген, Д.Карнегинин аныктамасы боюнча, ал эч нерсеге жарабайт деген аныктамага барабар болуп саналат. Тилекке каршы, көз карандысыздыктан бери “мага жакса болду” деген башаламан кадр саясатында министрликке дайындалар замат коллективин бөлүп-жарып, “реформа жасап жатам” деп жакпагандарды куугунтуктагандан башы чыкпай, анан өзү шермендеси чыгып куулгандар да болду.
Бирок, ачыгын айталы, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдей антифеномен кездешкен эмес. Мурдагы Телибайлар жок дегенде тилин көзөмөлдөгөндү, керектүү жерде кооз сүйлөгөндү билишчү. Бул адамдын жүрүмтурумунун, сүйлөгөндөрүнүн жоро бозонун эшик басарынан айрымасы аз экен. А.Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголуптур. Же элестүү айтканда, эн тамга басканга соо жери деле калбаптыр. Башка чоң чиновниктерге бир кылмыш иши козголсо деле тергөө аяктагыча убактылуу болсо да ээлеген кызматынан четтетилип турат. Өмүрбек Бабанов өзүнө каршы козголгон текшерүү аягына чыккыча убактылуу премьер-министрлигин деле ыктыяры менен тапшырган. Баарын санабайлы, коррупция деген берене боюнча эле А.Бейшеналиевге ковидке каршы гумжардам түрүндө жетишерлик вакцианалар келгендигине карабастан өз демилгеси менен офшордук зонага 1,5 миллиард сомдон ашык акча котортуп, колдогу вакциналардын 250 миңге жакын даанасын жараксыз кылган деген айып коюлуп жатат. Ал убакта вакцина жүз миңдеген адамдар үчүн өмүрөлүм маселеси болуп турганын эске алганда, бул аябагандай чоң кинээ, чоң айып.
Эгерде ал далилденсе, А.Бейшеналиев башка коррупционерлердей эле, өз жазасын тийиштүү жерлерде өтөшү керек. Андай артынан чуусу арылбай, Кылмыш-Жаза Кодексинин онго жакын беренеси менен айыпталып жаткан адамды өзүнө жакындатып, ал аздык кылгансып, кыйыр түрдө адвокаттык кылуу кандай чоң кызматта турганга болбосун кесепетин гана тийгизерин да эстен чыгарбоо керек. Сингапурду супер индустриалдык өлкөгө айландырган Ли Куан Юдан коррупцияны кантип жеңгенин сурашканда, ал: “ал үчүн программаларды кабыл алуунун деле кереги жок. Сага эркелеп жүргөндөрдүн 2-3сүн эле отургузуп койсоң, калганы кыл буугандай токтойт” деп жооп берген. Ал эми бизде айрымдар эркелемек түгүл, олжоктоп, чалчактап биротоло чектен чыгып кетип жатышпайбы. Ошон үчүн орустар “башкалар корксун үчүн өзүңө ыктагандарды аяба” дешет.
Президент Садыр Жапаров “коррупцияга аралашкандар ким экендиктерине карабай жазаларын алышат” дегенди көп айтты. Эми ал сөздүн кандай аткарыларын өлкөдөгүлөрдүн жашкарыларына чейин дыкат байкап, көз салып турушат. Атамбаевдин убагында айдоочулар, кампачылар менен жан сакчылар чолчоктошсо, эми медайымдар, дарыгерлер өлкөнүн ээнбаш эркелерине айланып кетпөөлөрү керек.
Автандил БЕЛЕКОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити