Эки досту уруштуруу көп адамдын арам аракети...
Ѳлкѳ башчысы Садыр Жапаров менен УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиевдин достугуна доо кетирүүнү, эки досту бири бирине тукурууну каалагандардын кутум аракеттери күнү бүгүн да уланып, токтобой келатат. Акаевдин убагында министр, үлкѳн чиновник, бүгүн ѳзүн оппозиционер эсептеп жүргѳн Бекболот Талгарбеков гезитке берген маегинде болушунча С. Жапаров менен К. Ташиевди уруштурууга, чабыштырууга ачык эле аракет кылыптыр.
Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичти кѳптѳгѳн жылдардан бери жакшы билген, саясаттагы ысык-суукта жанында жүргѳн, 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Мекенчил» партиясынын штабын жетектеген адам катары Бекболот мырзага жооп берүүнү туура кѳрдүм.
Гезитке берген маегинде Бекболот мырза болушунча эки досту бири бирине каршы тукурууну кѳздѳптүр. Айта турган болсом, ал: «Ташиев коррупцияга каршы катуу күрѳшүп жатса, С.Жапаров түзгѳн система коррупциянын «жемишин» жокко чыгарып коюуда. К.Ташиев президент болгондо, баары башкача болмок, С.Жапаровго окшоп жанына Бѳлтүрүк, Ширшовдорду алып келмек эмес. К.Ташиевдин президент болгонго тажрыйбасы С.Жапаровго караганда жүз эсе бай болчу, фракция лидери, акимчиликте иштеген, министр болгон. Жапаров чакан коллективди да башкарган эмес», - деген пикирлерин айтыптыр.
Буларды айтуу менен ал К. Ташиев ѳзүнүн шакирти экенин баса белгилеген.
Ошол эле мезгилде С.Жапаров бийликке келгенден бери эч кандай жылыш болбой жатканын айтып, акыркы 2 жылда болгон жакшы иштерди, жетишкендиктерди, саамалыктарды кѳргүсү, айткысы да келген эмес. Эгерде буга чейин бүгүнкү бийлик тууралуу жакшы пикирлерин айтып, аргументтүү, конструктивдүү сындарды айтып келген болсо, бул ирет С. Жапаровду болушунча шыбап, К.Ташиевдин дарегине жакшы сѳздѳрдү айткан. Бирок бул атайылап, экѳѳсүнүн ортосунда «кара мышык» аралатуу үчүн айтылган сѳздѳр экенин аңдоо кыйын деле эмес. Сыягы, Бекболот мырза К.Ташиевди С.Жапаровдун кѳзүнѳ мокочо, жаман жагынан кѳрсѳтсѳм, ортодогу достук, ынтымак бузулса, саясий абал чыңалса деген окшойт.
Мынчалык катуу сынга алып, жакшыны да жаман дегенге, туура эмес маалыматтарды айтканга Бекболот Талгарбековго эмне күч келгени кызык болуп жаткан. Ага президент С.Жапаровдун комментарийинен жооп табылгандай болду. Кѳрсѳ, мындан 2 ай мурда Б.Талгарбеков С.Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, анда ал президентке кеңешчи болууну, ѳзүнүн адамын Нарынга губернатор кылып дайындоосун суранган экен. Президенттен оң чечим күтүп, эч кандай жооп болбогон соң үмүтүн үзүп, анан президентти сындаган, эки досту кайраштырууну кѳздѳгѳн маегин бергени ѳзүнѳн ѳзү түшүнүктүү болду.
Бекболот мырза, сиз ар дайым аргументтүү пикир, конструктивдүү сын айтчу элеңиз. Бирок сизди бир чети түшүнүп атам. Акаевдин кезинде ооматыңыз артып, үлкѳн чиновник болуп жүрүп, анан эле 2005-жылдан бери бош жүрѳсүз, креслону, кызматты сагындыңыз. Бирок кызматка барууга үмүтүңүз үзүлсѳ эле президентти бир тараптуу сындап, эки досту бири бирине тукурууга болгон аракетиңиз жакшы жорук эмес.
Анан да ѳзүңүз баса белгилеп айткан шакиртиңиздин ысымын ѳзүңүздүн арам максатыңызга, кѳксѳѳңүзгѳ аралаштыруу устаттын кылар иши эмес. Негедир акыркы учурларда революцияны оозанып, бийликтин алмашуусун эле кѳксѳп келатасыз. Ѳлкѳбүз дагы бир революцияны кѳтѳрѳ албайт, бизге революциялык эмес, эволюциялык ѳнүгүү, мыйзамдуу бийлик алмашуу зарыл экенин эң жакшы билесиз. Бирок…
С.Жапаров менен К.Ташиевди уруштурсак эле болду, баары бүтѳт, бийликти колго алабыз дегендерге айтарым, андай эч качан болбойт! Жай турмушта, оор сыноолордо, саясаттын оор учурларында сыналган достук кээ бир ою бузуктардын, колтугуна котур ташын каткандардын, бийликти кѳксѳгѳндѳрдүн эле аракеттеринен бузулуп кетпейт. Достукту бузууга кандай аракеттер кѳрүлбѳсүн, С.Жапаров менен К.Ташиев бекем ынтымак, ишеним менен Кыргызстандын, кыргыз элинин бүгүнү, эртеңи үчүн ѳз иштерин кылыша беришет. Ѳкүнүчтүүсү, С.Жапаровдун президент катары ишине каршы эч нерсе таппай калышканда, «эки дос» маселесин кѳтѳрүп, аны курал катары пайдаланууну адатка айландырып алышты.
Бекболот мырза, эки досту кайраштыруу, конституциялык түзүлүшкѳ доо кетирүү оюңуздан кайтыңыз! Буга чейинкидей эле факты, аргументтер менен ой, пикирлериңизди айтып, жазып туруңуз. Мындай жол менен абийир, пайда таппайсыз.
Урматым менен,
иниңиз Нургазы Анаркулов