Президент Садыр Жапаров ББС Кыргыз кызматына маек берип, бир катар суроолорго жооп берди.
- Сөз болгон Атамбаевдин тарапташтарынан сырткары деле байма-бай талаптарды айтып, убадалары орундалган жок дегендер бар. Талап, жүйөлөр канчалык орундуу деп ойлойсуз?
- Биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек. Экинчиден, мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар. 10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын.
- Коомчулук тараптан "айлана-чөйрөңүздү тазалаңыз, жаштарды кызматка алып келиңиз" деген сыяктуу сунуштар айтылып жатат. "Тазалаңыз" дегенде кимдер жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлойсуз?
- Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана Администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен. Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50 пайыздан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып атам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик Администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Кырдаалдык борбордун жетекчиси Азамат Жанузаков 35 жашта, башкармалык башчысынын орун басары Мирбек Кожоев 39 жашта. Президенттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүм башчысы Азамат Осмонов 36да. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз.