Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 666

- Мамат агай, каргашалуу июнь коогалаңына 12 жыл болду. Бийлик кандуу окуяны кайра иликтөөгө алып жатат. Бул туура жолбу?

- Бул окуя өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Ал кезде бийликте Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тургандыктан, текшерүү иштери ушул убакка чейин аягына чыккан эмес. Бийликтин бул окуяны иликтөөгө алганы туура. Күнөөлүүлөр, бузукулар, сепаратистер аныкталып, жоопко тартылышы керек.

- Орто Азияга чуу салгысы келгендер тажиктерди Кыргызстанга каршы тукуруп жатабы?

- Эч ким, эч бир мамлекет согушту каалабайт. Ар бир адамдын, элдин, мамлекеттердин реакциясын, Россия менен Украинанын чыр чатагынан (согушунан) көрүп турабыз. Биз тажик Республикасынан өтө этият, сак болушубуз керек. “Тынч жашагың келсе, согушка даярдан” деген сөздү унутпашыбыз керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити