Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 968

- Быйыл түштүктө орун алган июнь коогалаңына 12 жыл болот. Кандуу окуяны бүгүнкү бийлик кайрадан иликтөөгө алып, ал кездеги бир катар жетекчилерди жоопко тартуу аракети жүрүүдө. Бийлик туура кылып жатабы же Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү айткандай, эски жараны козгобой эле коюшса болот беле?

- Албетте каргашалуу окуядан бери бир топ убакыт (12 жыл) өттү, көп далилдер фактылар унутулуп кетти. Ошол жааттан алганда тактоо бир топ кыйынга турат. Июнь окуясы өз убагында баасын алыш керек эле. Кимдер тарабынан уюштурулуп, эмне максатты көздөгөнү, кимдердин түз жана кыйыр катышы болгон, коогалаңдын чордонунда болгондорду жана алдын ала кабары болуп туруп, убагында чара көрбөгөн таасирдүү инсандар ачыкталып, мыйзам ченемдүү баасын алышы керек болчу. Негизги уюштуруучулар, чагымчылдар эбак эле өлкөдөн чыгып кеткен. Июнь окуясы бир күндө, бир жумада эле чыга калган жок да. Өтө тыкыр даярдалган, тар чөйрөдө бир нече жолу талкууланып, сунуш пикирлер менен пландалган.

- Айтканыңызга ынаналы, июнь окуясынын чыгышынын негизги максаты эмне болгон?

- Июнь окуясынын максаты биринчи кезекте Бакиевдерди баш көтөртпөө же өлкөдөн чыгарууга багытталган. Бирок, мынчалык масштабда кандуу кагылышууга жетип кетээри күтүлбөгөн окуя болгон. Калыстыкты айтып коюу - бул инсандык парз. Негизги уюштуруучулар - К.Батыров, Салахидинов, И.Абдрасулов, К.Аблуллаеваны кантип, кандай жол менен Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р.Отунбаеванын кабыл алуусунда болгон? Анда кандай сөз болгону жөнүндө териштирүү жүргөн болсо, бүгүнкү күнөөлүү дегендер караандабай эле калмак. Жогоруда аты аталган, өздөрүн лидер атаган инсандарды кандай жол менен, кантип кимдин сунушу менен Убактылуу Өкмөттүн жетекчисинин кабыл алуусуна алып келишкенин учурдагы вице-премьер Э.Байсаловдон сураса эле такталмак. Бул жигит жакшы билет, алтургай кандай учак менен алынып келингенинен бери ачыкталмак. Эгерде июнь окуясына туура, мыйзам чегинде баа берип, улуттар аралык кагылышууну мындан ары болтурбоо максатында чекит коюуну көздөгөн териштирүү болсо, анда тыкыр изилденип, негизги идея бергендер, тар чөйрөдө талкууга катышкандар аныкталмак.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити