Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда ыйгарымы жок экендигине карабай Баткен облусунун жолдор тогошкон участкасынан 5 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө Тажикстанга ижарага берүү тууралуу документке кол койгонунан улам, облустун бир жагы анклав болуп кала жаздаганы жөнүндө өткөн жылдан бери жазылып, айтылып келатат. Атүгүл атайын изилдеп, иликтөө башталганы да айтылган, бирок эмнегедир аягына чыгарылбай жатат. Андан пайдаланып: “эң мыкты коргонуу - чабуул” дегенди тутунган Мадумаров ал маселени көтөргөндөрдү алы жетишинче шыбап келатат.
Бул фактылардын баары кыргыз-тажик делегацияларынын чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүнүн учурунда калкып чыгып атпайбы. Президент Садыр Жапаров өзү тажик коллегасы Э.Рахмон менен жолуккандан кийин, тажик тарап ошол Мадумаров кол койгон меморандумду бетке тутуп, таянып атышканын ачык айткан. Бирок, Адахан Мадумаров өз күнөөсүн моюнга албай келет. Ал аз келгенсип, акыркы кезде УКМКны көрүнгөн жерде шыбап, адатка айлантты. Ачыгын айтуу зарыл, УКМК бүгүнкү күндө азык-түлүк товарларын, күйүүчү-майлоочу майлардын сыртка ташылып чыгып кетүүсүнө каршы өтө катуу иш алып барууда. Тажикстанда абал оор, чек аранын жабылганына байланыштуу ич ара элдин нааразычылыгы күчөөдө. Баалар асмандап кеткен. Мындай учурда “кыргыздын душманы кыргыз” гана болот. Өзүбүзгө жетишпей жатса, аны ташып, пайда көрүп, байыгысы келген карасанатай адамдар көп. Мына ошол контрабандисттердин үйүнөн аш жеп көнгөн Мадумаровдун кылыгына бүт эл күбө. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, контрабандисттердин кызыкчылыгы үчүн жан үрөп жатпайбы! Алар тууган болуп кетет окшойт Адахан акеге. Бир айтып токтобойт, экинчи бир айтат! Бардык нерсенин чеги болот да!
Эгерде Адахан Мадумаров конструктивдүу сүйлөп, нормадан чыкпаса, парламентте УКМК төрагасынан кагуу укмак эмес. Бирок, ал Камчыбек Ташиевдин эмоционалдуулугун эске алып, атайылап кычытма сөздөрдү жаадырып жатпайбы! Болгондо да адатынча сөөмөй кезеп, акылдуу көрүнүп! Адаханга буга чейин коллегалары маданиятуу айтып көрүштү. Эмне пайда болду? Демек, ага жакшы сөз жарашпайт
Белгилеп кетүүчү нерсе, парламентте өз ара кайым айтышуу, атүгүл жакалашып, ары-бери сүйрөшүү бизде деле эмес, Батыштын өнүккөн демократиясына деле мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Президент Садыр Жапаров айткандай, парламенттин негизги вазийпасы сөз же ороюраак айтканда, ооз менен орок оруп, кагаздар менен машак жыйноо. Азыр көпчүлүк өлкөлөрдө парламент пикир алмашуулардын платформасы катары эле каралат. Эл ичинде “контрабандисттердин крышасы” атка конгон Адахан Мадумаровдун меморандум боюнча кылмыштуу аракеттери эмнеге ара жолдо калып кетиши керек? Баткенде чек арада жашаган карапайым адамдар мунун азабын күн сайын тартып келатат. Чек ара чатактарынан каза тапкан, жарадар болгон жоокерлердин убалы кимге? Анда кыйын экен Мадумаров эмнеге чек арага өзү барып жашабайт? Ошондуктан, анын чыккынчылыгы жөн калбаш керек, мыйзам баарына бирдей, бийлик жоопко тарта албаса, эл көпкө чыдап күтүп тура албашы бышык...
Тынчтыкбек БЕШКЕМПИРОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити