Ош окуясын иликтөө жанданганы Исмаил Исаковдун тынчы кетип, ар бир мүмкүнчүлүктү куру кетирбей, бийликке сын айтууну адатка айлантты. Анткени, Ош окуясынын артында өзүнүн карааны бардыгын жакшы билет. Жакында Кадыржан Батыров дагы маек берип, Кыргызстандан Исаковдун жардамы менен чыгып кеткенин ачык айтты. Ошондуктан, Исаковдун азыркы жанталашканы асканын бооруна камалып, мергенчиден кача албай, айласы кеткен жырткычтын азуусун көрсөткөнүндөй эле кеп.
Ал Ташиев менен Мадумаровдун парламент жыйынындагы кайым айтышуусу тууралуу айтып жатып "Ташиев иттик менден кетти деп кечирим сурап койсо болот эле", - дептир. Кайсы иттик? Иттик кеткидей, Мадумаров айтып жаткан постторду өзүнө пайдалуу болгону үчүн койдубу? Жергиликтүү элдин суранычы менен аткезчиликти токтотуу үчүн коюлганы буга чейин далай жолу айтылды. Аны генерал түшүнүп эле турса керек, бирок сындоого мүмкүнчүлүк келгенде куру кетирмек беле. Анын үстүнө, элдин "Ош окуясына айыптуулар жазасын алсын" деген талабын аткарууну баштаган Ташиев анын башкы душманына айланып турган чакта. Исаков өзү элдин алдына чыгып "Иттик менден кетти, кечирип койгула", - дей алабы? "Жүздөгөн жарандардын бейкүнөө өлүмүнө себепкер болдум эле, аз айып, көп күнөөмдү кечиргиле", - деп ошол айтса жарашат болчу.
Ошол эле маегинде "дүйнө жүзүнө шерменде болдук" дептир. Тынч жаткан эки элди бири бирине тукуруп, баштарына алаамат салган Кадыржан Батыровду бир кыргыз, болгондо да ошол убакта өлкө жетекчилигинин курамында туруп, бийликтин бир тарабын чоюп жаткан кыргыз өлкөдөн жашыруун чыгарып жибергенде дүйнө элине шерменде болгонбуз. Элинин канын төккөн кылмыщкерди жылуу-жумшак узатуу шермендечилик эмес дагы, учурдагы бийликтин коррупциясыз, парасыз, өнүккөн эркин коомду куруу аракети шермендечилик болуп калабы?