Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 140

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидеринин ѳзүнѳн сурасаң: «Мен мамлекеттен бир тыйын уурдаган эмесмин, коррупциялык иштерге аралашпагам, ѳлкѳгѳ, элге кыянатчылык кылбагам» деп жооп берерин бѳркүбүздѳй кѳрѳлү. Анын оозунан мындай тариздеги сѳздѳрдү уга берип, кулагыбыз деле бышып бүттү. Ал коррупция, мыйзамсыздык, акыйкатсыздык тууралуу сүйлѳгѳндѳ жанына киши тура албайт. Бирок чындап эле Мадумаров сүттѳй ак, кристаллдай таза инсан, саясатчыбы?

Албетте, жок. Алыс барбай Тажикстанга жерди берип ийгенин айтсак эле кыргыз элине канчалык кыянатчылык кылганын аңдоого болот. Бул маселе боюнча жоопкерчиликтен кутулуп, «колуңардан эч нерсе келбейт» деген тейде кечээ эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Камчыбек Ташиев менен кайым айтышып жатканда анын жакындары аткезчилик кылышары, алардын башында ѳзү турары, ошондой эле ал тарабынан  тымызын  бийликти кулатуу иш-аракеттери болуп жатканы да айтылды.

Эми кандай болот? Албетте, УКМК тѳрагасы тарабынан айтылгандар аягына чыгарылышы зарыл. А.Мадумаровдун  кылган иштерине, кылып жаткандарына жоопкерчилиги каралабы?  Же башкаларга ликбез ѳткѳнүн, акыл үйрѳткѳнүн улантып, ѳзүн жалгыз  Кыргызстан, кыргыз эли үчүн күйгѳн адам катары кѳрсѳтүп, элдин башын айландыра береби?