Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

Ѳзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун ѳлкѳбүздүн экономикасы, келечеги үчүн мааниси чоң экенин жакшы билебиз. Бул долбоор боюнча кѳп сѳз болгону менен аны ишке ашыруу чындап колго алынбай, башталбай келген. Сѳз жүзүндѳ кѳп айтылганы менен конкреттүү иштер болгон эмес. Анын себеби долбоорго Россия бийлиги каршы болуп жаткандыгы, ошол себептен иш жылбай жаткандыгы менен түшүндүрүлүп келген.

Президент С.Жапаров акыркы берген маегинде В.Путин темир жолду курууга “добро” бергенин билдирди. Ѳлкѳ башчынын айтымында, ушул жылы долбоор аяктаса, курулуш иши келерки жылдан башталат. Бул албетте, жакшы жаңылык. Аталган темир жол иштей баштаса, Кыргызстан транзиттик ѳлкѳ катары экономикалык кирешелерди, пайдаларды алат. Темир жолдун жардамы аркасында экспорттук потенциалды күчѳтүүгѳ, миңдеген жаңы жумушчу орундарын түзүүгѳ, дүйнѳлүк рынокко чыгууга  мүмкүндүк ачылат. Бул жалгыз “Кумтѳрдүн” эле кѳзүн  карабай, бюджеттин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүгѳ, элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга зор мүмкүнчүлүк. Темир жол үч ѳлкѳнүн катышуусунда курулары белгилүү болсо да, анда Кыргызстандын үлүшү канчалык болору, канча акча сарпталары, аны каяктан аларыбыз азырынча белгисиз.

Булак: “Майдан. kg” гезити