Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен маек.
- Каныбек агай, май айы окуяларга бай ай болду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келип, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Мындан ары мамиле бекемделип, ишибиз илгерилейт деп ишенсек болобу?
- Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапары абдан жемиштүү болду десек толук жарашат. Бул расмий иш-чара президент Садыр Жапаровдун тышкы саясат айдыңындагы жакшы жетишкендиги болду. Бирок аны көкөлөтүп эле, апыртып аллегорияга айлантып, анан эйфорияга кирип кеткенден дагы алыс бололу. Анткени, алгачкы эгемендүүлүк жылдарыбыздагы кыргыз-казак мамилелеринде кандай гана эпикалык ой-жоромолдор болбоду! “Миң жылдык дос болдук” дешип, дүйнө жүзүнө жар салып жүрүшүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин элементардык деп эсептелген бажы өтмөктөрүнүн көйгөйлөрүн чече албай келишти го? Ооба, мен түшүнөм, бул маселеде криминалга малынып алышкан эки тараптын тең бажычылары күнөөлүү болушту. Бирок, аны бир жаңсыл кылып чечип коюга кудуреттери жетпей, эки тараптын расмий бийликтери кайдыгерлик менен мамиле кылып келишти. Натыйжада, жөнөкөй эл, катардагы ишкерлер жабыр тартып калышты. Ал эми кечээги жолугушуудагы эки тараптуу документтерге кол коюу иштерине келсек, мен байкагандан акыркы 12 жылда биринчи жолу масштабдуу маселелер каралыптыр. Айрыкча, 2003-жылдан бери келе жаткан жана азыркы талаптарга жооп бере албай калган Союздук мамилелер жөнүндөгү келишимди жаңылоо боюнча макулдашууга жетишүү - бул жакшы жетишкендик. Биргелешкен индустриялык соода-логистикалык комплексин куруу боюнча расмий старт берилди. Өз ара сооданы 2 млрд $ га жеткирүүгө араналган амбициялуу аракеттер дагы дурус болду. Жүктөрдү эки өлкөнүн чек араларынан кынтыксыз алып өтүү боюнча иш-чаралар реалдуу жүзөгө ашырыла турган болду. Мага жакканы Алматыдагы атактуу Аль-Фараби атындагы университеттин Бишкектеги филиалынын расмий ачылышы зор окуя болду. Мындан сырткары эки бир тууган элдин ортосундагы кеңири спектрдеги макулдашуулардын орун алышын кубануу менен гана кабыл алуубуз шарт. Эми өкмөттөрүбүз таза жана ыкчам иштеп беришсе экен деген гана тилек. Жыйынтыктап айтканда эки өлкөнүн лидерлеринин кечээги жолугушуудагы иш-чаралары келечекке кеңири жол ачты!
- Президент Садыр Жапаров төрагалык кылган ЕАЭБдин жыйыны кандай өттү? Президент жыйынды кандай алып барды?
- Май айынын аягында борборубуз Бишкек масштабдуу эл аралык экономикалык жыйындардын чордону болду! Адегенде Биринчи Евразиялык экономикалык форум өттү. Кыргызстанга 25 өлкөдөн менмин деген 2,5 миң адисттер келишти. Бул форум Евроазиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эң башкы иш-чарасы болуп калды. Делегаттар геосаясаттан баштап маданият маселелерине чейин панелдик режимде кызуу талкууларды жүргүзүштү. Башкы темалар энергетикадагы, транспорттогу жана электрондук коммерциядагы проблемаларга тиешелүү болду. Баанын өсүшү менен соода-сатык иштериндеги тоскоолдуктар дагы кызуу талкууланды. Аягында ондогон келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Форумдун логикалык жыйындысы болуп, албетте, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын Бишкекте өтүшү зор окуя болду. Ал биздин президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында видеоконференция форматында өттү. Баса белгилей турган нерсе бул жыйынды биздин лидер ишенимдүү жана сабаттуу алып барды. ЖЕЭКтин отурумунун өзү абдан динамикалуу жана мазмундуу өткөнү буга далил.
- Ал жыйында маанилүү маселелер көтөрүлдүбү?
- Саммиттин кароосуна 15 маселе коюлуптур. Анын ичинде ЕАЭбдин учурдагы макроэконмикалык саясатынын негизги багыттары, Биримдиктин ичиндеги рынок тоскоолдуктарын жоюу, эл аралык ишмердүүлүктөрдүн негизги багыттары. Менимче Биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин эң маанилүү сунуштары булар болду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: тез убакыттар ичинде Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай бигелешкен темир жол долбоорунун курулушуна киришүү. Мындай кадам Азия-Тынч океан рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлук арттырат. Анын уландысы катары Термезден Пакистандын Пешаварына чейин улантуу жана 2 млрдга жакын керектөөөчүлөрү бар Түштүк Азияга түз чыгуу;
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев реалдуу долбоорлорго жана конкреттүү жыйынтыктарга көңүл буруу, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында аталган Биримдиктин алкагында эң бийик деңгээлдеги жумушчу топту түзүп, оперативдик чараларды ишке ашырууга кам көрүү. Санкциялык конфронтацияга каршы эффективдүү аракеттерди камсыз кылуу керектигин баса белгиледи.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода-сатык иштерине көңүл бурууга чакырды. Индонезия менен дагы карым катнаштыкка чыгуунун келечеги кең экендигин белгиледи;
Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин ортосундагы тыгыз интеграция экономикалык күчтөнүүгө алып келээрин жана натыйжада, эл аралык саясий конъюнтурадан кутулууга жол ачаарын белгиледи. ЕАЭБдин мейкиндигинде тоскоолдусуздук жана жалпы рыноктун маанилилүүлүгүнө басым жасады. Экономикалык комиссия тарабынан 30дан ашуун антикризистик чечимдердин кабыл алынышын кызуу кубаттады.
Беларустун президенти Александр Лукашенко ЕАЭБтин мүчөлөрүн экономикалык айдыңда бирдиктүү фронт менен аракеттенишүүгө чакырды. Логистиканы кайра карап күчөтүү чараларына токтолду. Ал жаңы кооперациялык байланыштарды түзүп, импорттон көз карандылыкты азайтууну сунуштады. Батышка көз каранды болбогон үчүнчү өлкөлөр менен байланыш түзүүнүн актуалдуулугуна токтолду.
Биздин президент Садыр Жапаровдун сунуштары дагы абдан актуалдуу болду: евразиялык интеграциянын өнүгүү стратегиясын өзгөртүүнү сунуштады. 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына көңүл бурдурду. Санкциялык согушка каршы бир нече иш-чараларды сунуштады. Бүгүнкү күндөгү көп уюлдуу дүйнөлүк экономикага аралашуу келечегине көңүл бурду. ЕАЭБдин Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш, Инд-Тынч океан аймактарындагы жана Түндүк Африка өлкөлөрү менен алака түзүүнүн керектигине басым жасады. Эркин соода-сатык иштерин жөнгө салуу максатында ЕАЭБ Индонезия жана Иран менен кызматташууга багыт алуусуна тилектештигин билдирди.
Бишкегибизде өткөн ЖЕЭКтин саммити көптөгөн актуалдуу маселелерди иш жүзүнө ашырууга жол ачты!
- Баса, президент маек берип, “бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт. Ширшовду да, Акаевди да мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алдым”- деди. Азыркы бийлик таза иштеп жатабы?
- Кечээ президент ачык эле айтпадыбы: “...менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок”- деп. Биз бир өкүнүчтүү нерсени эскек алып коёлучу. 31 жылдан берки бийлик төбөлдөрү элди, жерди ырайымсыз тоной беришип баарыбыздын көңүлүбүздү биротоло кирдетип салышкан. Азап чеккен калайык үчүн эч бир ыйык нерсе калбагандай сезилчү. Бийликтин бүт бутактары, кен-байлыктар, айыл-чарбасы, завод-фабрикалар каалагандай менчиктелип, ал эми мектептер менен башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары, маданият үйлөрү, саламаттыкты сактоо мекемелери де-факто алардын карамактарына өтүп калган. “Кумтөр” долбооору болсо - өзүнчө “эпопея”! Анын коррупцияга малынышы ушундай масштабдуу болуп, Жогорку Кеңештин чакырылыштарынын бир эмес бир нечелеринин “башын жеди”. Канча төбөлдөр сот жообуна тартылышып, канчалары тентип качып жүрүшөт? Кендин казылып башталганан бери эле жүзгө чукул адамдар каза болушуптур! Демек, мындай чуулган чыккандан кийин алтынга азгырылган мафия эч качан колундагы “олжону” оңойлук менен бере койбойт! Алар адам кейпинен эчак эле ажырап калышкан шүдүңгүттөр. Ар кандай жолдор менен кылмыш иштерин жашырып келишет. Ошондуктан, тергөө иштерине Акаевке окшогон “билерман” баш болуп, калган экс-төрагалар, министрлер, депутаттар төш болушуп кылмышкер же күбө катары сурак берип жүрүшөт! “Центерранын” акционерлерибиз деп алышып, акчаны аймап жеп жүргөндөрү канча? Анык уурулар алар. Убагында акцияларды ит бекер алышып, элдин ырыскысын дал ошолордой коррупционерлер “ашап” келишкен! Муну биз туура түшүнүп, албетте, президенттин аракетин колдоп турушубуз керек. Же ошол кылмышка шектүүлөр жалдаган керооздорду колдойлубу? Кеп мына ушунда. Азыркы бийликке жармашып алышкан кээ бир төбөлдөргө деле бүдөмүк суроолор арбын. Андайлардын ысымдарын карапайым эл билип эле турат. Аларды тергөө органдары ылгап таап, элдин алдында катуу жазалап берет деп үмүт кылалы.
- Айтмакчы, кечээ жакында эле Сузакта окуучу менен мугалимдин ортосундагы жагымсыз окуя коомчулукка тарап кетти. Бири мугалимге, экинчиси окуучуга жан тартып, социалдык тармактарда түрдүү кептер айтылды. Айрымдар мугалим окуучуга кол көтөрүп кылмыш кылды десе, кээ бирөөлөр окуучунун тарбиясы жок экен деген пикирлерин айтышты. Бул жагдай боюнча кандай пикирдесиз?
- Жакында эле Сузак районунун катардагы бир орто мектебинде окуучу менен мугалимдин ортосунда орун алган жагымсыз окуя биздин билим берүү системабыздын биротоло кыйрап калгандыгынын белгиси болуп саналат. Окуучу менен мугалим ар кандай эле коомдук системада эң негизги субъекттер-оюнчулар болуп эсептелишет. Коомбуздун баардык күч-аракеттери ошол экөөнүн жетиштүү шартына камкордук көрүп, сапаттуу билим берилишин жана алынышын камсыз кылуусу ыйык милдет. Мектептин завучу, директору, райононун башчысы, министр жана анын күтүрөгөн орун басарлары, сансыз чиновниктери ошол “мугалим-окуучу” аттуу негизги функциянын туундулары болуп эсептелишет. Тиги экөөнү такыр эле коомдон оолактатып салалычы? Анда миң сандаган “көсөм-начальниктер” кимди башкарышып, кимдин эсебинен жандарын багышат? Мен ар дайым какшап айтып келем: “Биз мектеп көйгөйүнүн себептерине көңүл бурбай эле анын натыйжалары менен күрөшүп келебиз!”- деп. Көңүл бурган эч ким жок! Анан эле “кокуй мугалим окуучуну сабап салыптыр, сабак учурунда мугалим мас экен, окуучулардын үстүнө бөлмөнүн шыбы көчүп түшүптүр”- деген эле айгай кептер айтыла берет. Көмөк кылган эч ким жок, жалаң эле көсөмдөрдүн кыйкырыктары. Депутат парламентте, министр өкмөттө жана ММКда, ал эми ата-эне баш болгон калган билермандар социалдык түйүндөрдө, саны миңдеген аш-тойлордо, базарларда, мончолордо, жана башка мектепке тиешеси жок жерлерде “баалуу кеңештерди” айтышып акылдуусунушат. Анан ал ажиотаж тез эле унутулат дагы, баары көр оокаттын артынан түшүшөт. Натыйжада, мугалим менен окуучу дагы бир жолу бетме-бет, бирме-бир калат. Моюндарында баягы эле милдет, көйгөй маселелери. Анан ал азап дагы бир жерде кайталанат. Ушундай абалда 30 жылдан бери жашап келебиз. Акыры орто билим берүүнү талкалап бүттүк. Эмне кылуу керек? Ким универсалдуу рецепт жазып бере алат? Менимче эң чоң күнөөбүз окуу ситемасын саясаттын оюнчугу кылып алганыбызда. Саясий амбициялары ашып-ташкан, бийликке жана байлыкка жутунган шүдүңгүттөр тээ 90-жылдары эле мектепти өздөрүнүн кол жолугуна айлантып алышкан. Ошол максатта мектептин директорлорун, окуу бөлүмүнүн башчыларын жана демейде, билими тайкы, бирок, акчага азгырыгы күч кээ бир “активист” мугалимдерди өз карамагына басып, жасоол кылып коюшкан. Алар керектүү учурда тиги “чоңдун” каалаган буйругун аткарышат. Бул көрүнүш бүт өлкө үчүн мүнөздүү. Андыктан мектепте сапаттуу билим берүү салты унутулган. Балдардын ата-энеси керектүү “взносту” убагында берүү менен гана алек. Тарбия менен иши жок! Бул биздин ички көгөйлөрүбүз. Сырттан болсо алгачкы башкаруучуларыбыздын арсыз саясаттарынын азабынан орто билим берүү системасын Батыштын либералдуу-азгырык саясатына кармата бергенбиз. Натыйжада, мектеп программасынан тартып, билим берүү саясатына чейинки маанилүү милдеттерибизди чет элдик, кыйраткыч мүнөздөгү түрдүү бейөкмөт уюмдарга кармата бердик. Алардын псевдодолбоорлорунун бир нечеси эле - ЖРТ, жан башына каржылоо (венчурдук программа) ЖОЖдорго таңууланган Болонья системасынын терс таасири, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын карама-каршылыктарга жык толгон “Айылдык мектеп” сыяктуу долбоорлору, мектептин окуу китептерин тираждоодогу мафиялык кылмыштар, 12 жылдык окутуу, жана башка толгон-токой эксперименттер. Мен мындай диверсиялардын аз гана бөлүгүн тизмеледим. Анан мурдагы бийликтегилер ушундай кыйраткыч идеяларды “лам” дебей аткарган министрлерди колдоп келишти. Бирин-экин моюн толгогондорун тез эле кызматтан айдап салып, атын жаман аттуу кылышып, куугунтуктап жүрүштү. Азыр биздин алдыбызда дилемма турат. Биринчиси ушундай эле кете берилет. Анда окуу системасы биротоло кайрылгыс болуп кыйрайт. Экинчиси - бул өтө чечкиндүү кадам. Абдан чукул реформа жасап, мурдагы жана учурдагы кылмышкер функционерлерди ырайымсыз жазалап, билим берүү ситемасын саясаттан оолактатып, өзүбүздүн күчүбүз менен гана каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, нарктуулугубузду камтыган жана албетте, дүйнөлүк алдыңкы педагогиканын элементтерин дагы колдонгон билим берүү системабызды тургузушубуз абзел. Азыр президент Садыр Жапаров мугалимдердин маяналарын көтөрүү боюнча зор кадамдарды жасады. Ыңгайы келип турат. Эми терең жана мазмундуу реформага кезек келди!!! Антпесек, дагы деле билим берүү системасын зыянкеч дилетанттар башкарып, билимсиз динчилдер менен деструктивдик маанайдагы саясатчылар мектептерге качырып кирип, мугалимдерди жакалап, билген намаздарын окуй беришет. Келечегибиз бүдөмүк болот! Абийир кечирбейт, жаштардын убалына калабыз! Андай катаклизмден Жараткан сактасын!
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити