- Камчыбек Ташиевди батышчыл көрсөтүүгө аракеттенген макала таң калууну гана жаратат. Ташиев Министрлер Кабинетинде эң маанилүү кызматтардын бирин аркалайт – атайын кызматты жетектейт жана чек ара маселелерин чечүү менен алектенет. УКМКнын төрагасы катары ишмердүүлүгүндө ал Кыргызстандын АКШ же Батыштын дагы бир өлкөсү менен мамилесин бекемдөө боюнча маселе эч көтөргөн жок. Анын үстүнө атайын кызматтын жетекчиси өлкөнүн тышкы саясатын аныктай албайт. УКМКнын төрагалыгына дайындалганга чейин, парламент депутаты болуп турганда дагы кыргыз-америка кызматташтыгы боюнча эч нерсе айткан эмес. Депутаттык жылдарында Ташиев өлкөнүн ички коомдук-саясий процесстерине тийиштүү темаларды гана көтөргөн. Так ушул үчүн ошондогу бийликтин каарына калып, саясий репрессияга кабылган.
Кыргызстандын саясий элитасынын батышчыл жана россиячыл болуп бөлүнүшү адатка айланган. Ташиевди батышчыл же россиячыл саясатчы деп айтуу кыйын. Ал буга чейин Батыш менен жакындашууну жактырып же Россия менен мамилени үзүүгө аракеттенүү мындай турсун, Вашингтон же Москванын дарегине кандайдыр бир саясий симпатиясын билдирген эмес.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалы тууралуу айта турган болсок, чек ара чыры акыркы 30 жылдан бери чечилбей келет. Тилекке каршы, 2021-жылдын жазындагы конфликт эки өлкө ортосунда топтолуп калган маселенин жарылышына алып келгендей болду. Эки тарап тең жоготууларга учурады жана эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана андан да курч жаңжалдын алды алынды. Белгилей кетчү нерсе, 2014-жылдан тартып чек ара жаңжалдарында тажик тарап Кыргызстандын жай тургундарына жана чек арачыларына минометти активдүү колдоно баштады. Же бул дагы Ташиевдин күнөөсүбү? Ташиев УКМКнын төрагалыгына келгенде, чечилбеген чек ара көйгөйлөрү мурас болуп өттү. Душанбенин агрессиясы чындыгында, чек ара маселесинде Бишкек артка чегинсин деген ниетте жасалып келди. Бирок Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мындай ыкмасы менен бир гана нерсеге – кыргыз-тажик чек арасы жабылып, коңшу өлкө менен мамилесинин начарлатып алууга гана жетишти. Өзгөчө белгилеп кетейин, Кыргызстан Тажикстан менен чек араны ачуу ниетинде эмес, ошондуктан, Душанбе маал маалы менен атайын кыргыз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат.
Кыргызстанда батышчыл жана америкалык институттар тарабынан марттык менен каржыланган бейөкмөт уюмдар антиорусиялык риторика менен активдүү алектенүүдө. Аны Россия эң жакшы билет. Таң калыштуусу, ушул антиорусиялык ишмердүүлүктүн баарын Ташиевге төңкөрүп жатышканы.
“Комсомольская правдадагы” макала аныгында заказдын негизинде жазылган жана Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго каршы багытталган. Булардын тандеминин бузулушун өтө көп ички жана сырткы күчтөр каалап турат жана ортолоруна от жагып, эки достун командасын да тирештирүүгө умтулушат. Ташиев менен саясий биримдиги алсыраса Жапаров үчүн өтө чоң кесепеттерди алып келет. Кыязы, президенттин тегерегинде анын Ташиев тууралуу оюн бузууга аракеттенген адамдар бар. Башкы нерсени түшүнүү зарыл – президент Жапаровдун айланасындагылар ал бийликке келгенден кийин жаралды, а Ташиев дайыма Садыр Нургожоевич менен чогуу болуп келген. Айрыкча, ал түрмөдө отурган оор учурларда. Бул убакыттын сыноосунан өткөн чыныгы достук.
Тажикстан менен кагылышуудан кийин Бишкек Кыргызстандын коргонуу потенциалын күчтөндүрүүгө басым жасады. Өлкө тарыхында биринчи жолу чек араны бекемдөө максатында “Тигр” брондолгон согуштук автоунаасынан 55 даана сатылып алынды. Андан тышкары, россиялык өндүрүштүн 50 Камазы келди. Же эмне, бул Батыш менен кызматташууну бекемдөө үчүнбү? Логика кайда?
Кыязы, кара пиарга заказ бергендер макала аркылуу Кремлдеги расмий чөйрө Камчыбек Ташиевди колдобойт жана ага каршы деген пикирди жаратууга аракеттеништи. Бирок макалада айтылгандар чындыкка окшошпойт жана таң калуудан башка эч нерсе жаратпайт.
Ташиевге каршы заказдык маалыматтык согуш башталды деген гана ой бекемделет. Убакыт көрсөтөт. Мында тажик тараптын катыштыгы бар деген версияны да жокко чыгарууга болбойт. Тажикстандын коопсуздук кызматынын атайын операциясы да болушу мүмкүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити