Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 739

Камчыбек Ташиевдин мүнөзү дайын, ал чыныгы ниетин жашырып, тымызын “ойной” тургандардан эмес, кайсы позицияны карманса, аны ачык айтып таштайт. Бул тууралуу саясат талдоочу Бакыт Бакетаев россиялык журналисттин Камчыбек Ташиевди батышчыл көрсөтүүгө аракеттенген макаласы тууралуу пикирин билдирип жатып айтты. 

“Мен Камчыкени көп жылдан бери тааныйм. 2006-жылы депутаттар менен чогуу Германияга барып калдым. Жол чыгымын, ал жактагы жашоо чыгымын чакырган “Маршал центр” америкалык окуу борбору көтөрдү. Ошол жерде депутаттардын арасынан бир гана Ташиев Американын саясатын сынга алды. Ал АКШнын саясат талдоочуларына, саясатчыларына кайрылып: “Силердин бир уюлдуу саясатыңар туура эмес. Анткени, дүйнөдө канча деген цивилизация, маданият, менталитет бар. Баарын бир уюлга киргизип коюу мүмкүн эмес. Адамзат көп кырдуу, ошон үчүн бир кырдан анализ жасаганыңар ылайыксыз”, - деди. 

Россиялык басылма жарыялаган макалада Камчыбек Ташиевди батышчыл деп күнөөлөп жатышпайбы. Бул киши көп жылдан бери саясатта. Кыргыз эли үчүн кайсы тарап ыңгайлуу экенин интуициясы менен сезе турган деңгээлге жетти.  Анын үстүнө, Ташиевдин мүнөзү баарыбызга дайын – ал дайыма болгон оюн ачык-айкын айтып таштайт. Америкага дагы “саясатыңар туура эмес”, - деп ачык эле айткан. Бул киши эч убакта тымызын Американы колдоп, анан Москва менен ойнобойт. Эгерде Американы колдоочу болсо, эчак эле эмне себептен колдой турганын, эмнеси менен Батыш кыргыз элине пайда келтирээрин жарыя кылмак. Тымызын саясат Ташиевге тиешелүү эмес. Баарын ачык-айкын айтып, жасап, элибизге пайдалуу саясатты жүргүзүп жатат”, - деди Бакыт Бакетаев. 

Ал белгилегендей, макала заказ менен атайын Ташиевди каралоо максатында жазылганы айдан ачык көрүнүп турат. 

“Бул балким, үчүнчү күчтөрдүн, президент менен УКМК төрагасынын ортосуна от жагуу ниетин кармангандардын жасаганы. Бирок алар бир нерсени унутушпасын – президент менен Ташиев Гегелдин каршылык күчү философиясынын негизиндеги достор. Булар урушуп жүрүп дос болушкан. Мындай досторду ажыратуу мүмкүн эмес”, - деп кошумчалады саясат талдоочу.