Россиялык маалымат каражаты Кыргызстандын сырткы саясатына так фактыларсыз, үстүртөн божомол жасаган макаласын жарыялады. Анда Кыргыз бийлиги Россия менен мамилесин үзүп, Батыштын кызыкчылыгын колдой баштаганы айтылган. Баарынан кызыгы, буга Министрлер Кабинетинин төрагасы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди айыпташкан.
Камчыбек Ташиевдин капысынан “батышчыл” боло калышы көпчүлүктү таңдандырды. Алакандай Кыргызстандагы саналуу саясатчылардын кимисинин позициясы кандай экени, кимиси кайсы тараптын камчысын чабаары баарына дайын. А бирок бул Камчыбек Ташиевге тийиштүү эмес. Ал саясатка аралашкан күндөн тартып бир гана кызыкчылыгы – Кыргызстан экенин жасаган иштери, айткан сөздөрү менен далилдеп келатат.
“УКМКнын төрагасын батышчыл деп айтуу, кумдан балык кармоого мүмкүн дегендей эле кеп”, - дейт КР Президентинин алдындагы инвестиция тартуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров.
“Камчыбек Кыдыршаевич абдан мекенчил инсан. Анын жүрөгү бир гана Кыргызстан деп согот. Мен муну абдан жакшы билем. Анын үстүнө, СССР убагында Томск шаарында окуп, орус жергесинин тарбиясын, билимин алган. Ошондуктан, аны батышчыл деп айтуу болбойт. Бул жөн гана провокациялык мүнөздөгү, тапшырык менен жазылган макала болсо керек. Камчыбек Ташиевди жүрөгү таза инсан катары мен да сыйлайм, жалпы эл да сыйлайт. Тар кызыкчылыкка ыктап, өлкөнүн эзелтен келаткан өнөктөшүн көкүрөктөн түртпөйт. Туруксуздук, саткындык ал кишиге мүнөздүү эмес. Дайыма бир позициясынан тайбай, акты ак, караны кара катары көрө билген көрөгөч инсан”, - деди Равшан Сабиров.
Ал эми макаладагы айыптоолордун бири – 9-майда Кыргызстанда Жеңиш парадынын өтпөй калышы тууралуу аткаминер төмөнкүдөй жооп берди:
“Эмне себептен өтпөй калганынан кабарым жок. Бирок 20-30 миң киши катышкан “Өлбөс полк” жүрүшү болду. Ошону менен мурдагы СССР элдеринин бирдиктүү тарыхын даңазаладык. Россия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. ШКУ, ЖККУ жана башка Келишимдерде дайыма Россия менен болуп келгенбиз. Мына жакында, Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык форуму болуп өттү, ага катыштык. Мунун баары Кыргызстан баштагыдай эле башкы өнөктөшү катары Россияны көрөөрүн туюндурат”.