Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 217

Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактар тынчтык жолу менен чечилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Айтымында, бул жаатта иштер улантылып жатат, сүйлөшүүлөр ар түрдүү форматта жүрүүдө. 

"Чек араларыбызды аныктоо үчүн делимитициялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссия ишин токтоткон жок. Жумуштар жүрүп жатат. Өзбекстандан кесиптештерибиз келди, алар менен жолугушуу өткөрүп, демаркация маселелерин карап жатабыз. Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек ара маселесин чечүү жаатында аракеттенип, ар түрдүү форматтагы тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул маселеде алдыга жылуу, позитивдүү көрүнүштөр бар. Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн түз тапшырмасы менен мен өзүм бир нече жолу жетекчилер менен жолугуштум. Буйруса, тынчтык жолу, сүйлөшүүлөр аркылуу конфликтсиз чечебиз. Жакынкы күндөрү чечилип калат", - деди Камчыбек Ташиев.