Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 588

 Бүгүн КР Башкы прокуратурасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган июнь коогалаңы боюнча күбө катары суракка чакырылгандыгы кабарланды. Эсиңиздерде болсо керек, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн жооптуу мүчөлөрү "бункерлеринен" чыкпай, жашынып жатып алган кезде азыркы президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эл менен бирге кандуу калабаны токтотуу үстүндө иштеген. Андагы окуялардын чыгышына Убактылуу өкмөттун шалаакылыгы себеп болгонун депутат кезинде Камчыбек Ташиев бир нече жолу айтып чыгып, ага чекит коюу убадасын берген. Бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасы менен июнь окуясы УКМК тарабынан тыкыр иликтенип жатат. Демек, элге берилген убаданын өтөөсүнө чыгаарына ишенебиз.

2010-жылдагы түштүк окуясы кантип токтогон, аны Ташиев "Менин тилегим" китебинде жазган. Ал жазбаса деле, он миңдеген адамдар Жалал-Абаддын аянтына чогулуп, Сузакка кирип, өзбектерди кырабыз деп турганда танкттын үстүнө чыгып алып, "эгерде баргынар келсе, мени өлтүрүп, анан кире бергиле"- деп токтотуп калганын эл бүгүн да унута элек. Анан кийин өмүрүн тобокелчиликке салып, Санпа ашуусунда өтүп бараткан унааларды атып жаткан адамдарды токтотуп калганын билебиз. Ошону эске алганда, Ташиев тергөөгө баалуу көрсөтмөлөрду бере алат, бул чындыкты аныктоого жардам берери талашсыз.

Быйыл июнь окуясына 12 жыл болот. Ошончо убакыт жашырылган чындык ачыкка чыгып, чекит коюлганы турат. Бул ишти бүтүрүшсо, азыркы бийлик башчыларынын аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат!

"Менин тилегим" китебин төмөнкү ссылка менен кирип окусаңыздар болот: http://www.sayasat.kg/kg/aldyn-ala-taldoolor/32219-kamchybek-tashiev-menin-tilegim.html