Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 115

2020-жылдагы “кара июль” үчүн өкмөттүн жооптуу адамдары – ошол учурдагы премьер-министр, вице-премьер-министр, министр да жоопко тартылган жок. Бул тууралуу депутат Камила Талиева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы өкмөттүн жооптуу адамдарынын шалаакылыгынын айынан миңдеген жарандарыбыздан айрылдык.

Депутат чет өлкөдөн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат алынып, бирок колдонулбай, Бишкектеги “Дастан” заводунун кампасында турганы эске салды.

– “Кара июлда” маска жетишпей, ажиотаж болуп турганда, мындай трагедиядан айрым адамдар бизнес кылышкан. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга болгон муктаж тууралуу сөз кылбай эле коелу. Ошол кезде маскалардын баасы канча эле билесиңерби? – деп эскерди эл өкүлү.

– 2020-жылдагы шалаакылык үчүн бир дагы жооптуу адам жоопко тартылган жок. Ошол учурдагы премьер-министр, вице-премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри да жоопкерчиликке тартылган жок. Бизде эмне адамдын өмүрү маанилүү эмеспи? Миңдеген киши каза болду. Эчким жоопко тартылган жок”, – деди депутат.

Булак: argument.kg