Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 623

Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун жумушуна өтө катуу даярдык менен келгени сезилди. Көптөн бери аты чыкпай, унутулуп баратканын сезип, бар экенин бир көрсөтүп койгусу келдиби, айтор, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетинин жыйынында бир катар өз стилинде кеп салды.

Баткен областын өнүктүрүү багытында бөлүнүп жаткан грант-кредиттерди бөлүштүрүү маселеси талкууланып жатканда сөз алып, адатынча, депутаттарга акыл үйрөтүп кирди. “Айрым депутаттар мурункусунда каршы чыгышкан, азыр колдоп калышыптыр. Мындан кийин комитеттин жыйындарына катышпайм, каалаганыңарды кылгыла! Баткен, Баткен, Баткен... Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Баткенди айтсак, колдошот деп түшүнүп калышыптыр. Алар депутаттарды кыдырып жүрүштү, менин кабинетиме дагы бир нече жолу келишти. Азыр депутаттар долбоорго макул болуп, колдошот. Мага десе ыштаныңарды чечип, башыңарга кийип алгыла!”- деп бакылдады ал.

Адахан Кимсанбаевич үчүн бул көнгөн адат. Кекирейип, өзүн баарынан өйдө көрөт. Бирок бүгүн Адахандын күнү эмес экен! Жаңы, жаш депутаттар Нурлан Шакиев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасовдор саясаттын алча-таасын жеген Мадумаровду бат эле жерге түшүрүп коюшту. Жаш жигиттерден “сен ким элең!”- деген тейде кагуу угуп, уяты чыккандан көрө мандатын тапшырып, тапчанда көк чай ичип олтурса болмок.

Бул “фокусу” өтпөй калгандан кийин саясатчыда “мания величия” башталып кетти. “УКМК мени мыйзамсыз тыңшап жатат. Бир жерге ооз ачарга барсам, кондиционерден таап чыгышты. Экинчи жолу ушундай болуп атат”,- дебеспи жок жерден.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков дагы тың жигит көрүнөт, “Мадумаров бизди эч кандай кызыктырбайт!”- деди эле, тиги Адахан акенин ачуусу мурдуна келип калды. “Биз мамлекеттин жана жарандардык коопсуздугун камсыздайбыз. Бизди жөн жерден каралап жатасыңар”, - деди Мамасыдыков.

Акыркы парламенттик шайлоодо да А.Мадумаровго Баткен эли жакшы колдоо көрсөткөн, чек ара боюнча чыккынчылык кылганына карабастан... Эми Баткенди өнүктүрүү долбооруна каршы чыгып, баткендиктердин ишеничине суу септи! Ал эми тыңшоо тууралуу сүйлөгөн сөздөрү чындыкка такыр окшошпойт. Бул ага саясатчы катары коомчулуктун кызыгуусу жоголуп баратканын сезип, коомчулукту өзүнө буруу аракети! “Сулуу чымчыктын” абалы өтө начар, бүгүнкү билдирүүлөрүнөн кийин рейтинги огобетер түштү... Жакшы карып, сахнаны жаштарга бошотуп берип, сый эле жүрсө болбойт беле!